00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, 2020-жылы өлкөдө 15,3 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө, бирок мындай станциялар аба ырайынан көз каранды. Ал үчүн эсептөөлөр, баланс жана резервдер алдын ала даяр болушу зарыл экендиги жыйында белгиленди. Өлкөдө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланып, Бала-Саруу, Кара-Көл, Көк-Арт, Кайнама жана көптөгөн башка чакан ГЭСтер ишке берилди. Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы коллегияда айтылды.
Кыргызстанда мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл болгон учурларда бул маселе курч турат.Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында жогорку технологиялык жабдуулар, өнүккөн логистика жана санариптик инфраструктура менен камсыздалган заманбап мамлекеттик референс-лаборатория түзүү долбоорун иштеп чыгууга киришти. Аймактарда бөлүмдөрү бар борборлоштурулган лаборатория сапат стандарттарын камсыздап, калк үчүн диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жогорулатмакчы.
Америка Россия менен башталган сүйлөшүүлөрдө алар үчүн ашыкча жүк болуп калган Владимир Зеленскийден кутулууга аракет кылат. Бул туурасында АКШ армиясынын запастагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналындагы эфирде айткан.Ал Кошмо Штаттардын тарыхында мурдагы досторго карата катаал мамиле кылган учурлар болгонун белгилеген. "Зеленский маанилүү оюнчу болбой калгандан кийин ашка жүк, башка жүккө айланды. Эми андан эптеп кутулганга аракет кылышат. Биз мурдагы согуштарда айрым союздаштарыбызга карата радикалдуу ыкмаларга да барганбыз. Ал мындай окуялар бар экенин билиши керек", — деген Дэвис. Бириккен Араб Эмирликтеринде Москва, Вашингтон жана Киевдин коопсуздук маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жолугушууда Россиянын Донбасска карата аймактык талаптары, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы талаш талкууланган. Ошондой эле жаңжалдын чыңалуусун азайтуу, кырдаалды курчутпоого жана акырындык менен басаңдатууга багытталган конкреттүү чараларды карашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0