00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
25 мин
Стоп-кадр
«Биздин класс» сериалынын кийинки сезонунда кандай окуялар көрсөтүлөт?
17:26
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Оптимизм в красках или феномен творчества Кустодиева
18:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан тоо туризми боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына ишенимдүү кошулуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Адылбек Касымалиев белгилегендей, өткөн жылы Кыргызстан эл аралык рейтингдерде жогорку орундарга ээ болду.Анын айтымында, бул жетишкендиктердин негизги себеби — өлкөдө коопсуздуктун камсыздалышы, туристтерди кабыл алууга ылайыктуу шарттардын жылдан-жылга жакшыртылып жатышы."Дүйнөдө кыргыздай жаратылышка жакын, табияттын сырын терең түшүнгөн, тоолорду көрсө жан дүйнөсү сергип, кубанган эл сейрек болсо керек. Биз, кооз мекенибизди даңазалап, жаратылышка аяр мамиле жасап, ошондой эле башкаларга сергек жашоонун үлгүсүн көрсөтүүнү максат кылдык. Жаратылыш менен байланыш — бул руханий тазалануу гана эмес, ден соолукту чыңдоонун да эң натыйжалуу жолу", - деди минкаб башчысы.
Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул чечим 23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында башкаруу кеңешинин 20-сессиясы, ошондой эле фонддун башкаруу комитетинин экинчи отурумунда кабыл алынган. Төрагалык өлкөнүн эл аралык беделин бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана СПЕКА программасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого салым кошууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле маанилүү чечимдердин бири катары СПЕКА фондун иш жүзүндө ишке киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин кабыл алынуусу болду. Аталган фонддун ишмердүүлүгүндөгү багыттардын бири Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу саналат.**Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен жолукканда билдирди. Шаар жетекчиси белгилегендей, президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан.“Аталган программага ылайык жалпы каржылоо көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Быйыл бул программанын алкагында иштер башталып, 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган”, - деди ал.
Украинадагы жаңжал Россиянын кубаттуу аскердик жана өнөр жай күчүн сактап калганын айгинелейт. Бул туурасында Пентагондун жаңы коргонуу стратегиясында айтылганын РИА Новости жазды.“Украинадагы узакка созулган жаңжал Россиянын мурункудай эле эбегейсиз аскердик резерви менен өнөр жай кубатын сактап калганын далилдейт”, — деп айтылган документте. Мындан тышкары, атайын операцияда Россия улуттук чечкиндүүлүктү көрсөткөнү белгиленген.Буга чейин АКШнын Аскер министрлиги Россияда дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк арсенал бар экенин, өлкө аны модернизациялоону жана диверсификациялоону улантып жатканын эске салган. Ошол эле маалда Пентагон РФти НАТОнун Чыгыштагы мүчөлөрү үчүн “туруктуу, бирок башкарууга боло турган коркунуч” деп мүнөздөдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0