https://sputnik.kg/20260125/1099337975.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.Ведомствонун маалыматына... 25.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-25T11:00+0600
2026-01-25T11:00+0600
2026-01-25T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/19/1099337809_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6e75e743d4233d50cc9de9c444442273.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө жалпы 15,4 миллард кВт/саат электр энергиясы коротулган. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 19,3 миллиард кВт/саатты түздү. Башкача айтканда, беш жыл ичинде электр энергиясын керектөө 4 миллиард киловатт/саатка көбөйдү.Ошондой эле Кыргызстан былтыр 15,4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өзү өндүрүп, коңшу мамлекеттерден 3,8 миллиард кВт/саатты импорттоп алганы айтылды.
Курулуш министрлиги “Зам Зам билдинг” жана “Аалам строй” курулуш компанияларынын лицензиясын 90 күнгө токтотту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.Министрлик эки компаниянын курулуш иштерин 17-январдан тарта текшерген. Жыйынтыгында "Аалам строй" ЖЧКсынын Анкара көчөсү, 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплекстеринде техникалык коопсуздук эрежелери менен мыйзамдар бузулганы аныкталган. “Компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары, курулуш объектиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган”, — деп билдирди министрлик. Мындан тышкары, "Аалам строй" компаниясы 3 миллион сом айыпка жыгылган.
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетишти. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды. Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Таймашта күмүш медалды Гонконгдун командасы утуп, экинчи орунду камсыздады. Ал эми мексикалыктар коло медаль тагынып, үчүнчү орунга жайгашты.
Украинада тынчтык орнотуп, жаңжалды жөнгө салуу боюнча Москва, Киев жана Вашингтондун Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрү конструктивдүү маанайда өттү. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф айтканын РИА Новости жазды.Чабарман сүйлөшүүлөрдүн уландысы кийинки жумага пландалганын айтты.Уиткофф Трамптын администрациясы украин жаңжалын жөнгө салууда чечкиндүү позицияда экенин белгиледи. Бириккен Араб Эмирликтеринде Москва, Вашингтон жана Киевдин коопсуздук маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жолугушууда Россиянын Донбасска карата аймактык талаптары, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы талаш талкууланган. Ошондой эле жаңжалдын чыңалуусун азайтуу, кырдаалды курчутпоого жана акырындык менен басаңдатууга багытталган конкреттүү чараларды карашкан.Эске салсак, Россия президенти Владимир Путин Уиткофф менен жолугуп, төрт саатка чукул сүйлөшкөн. Анда тараптар аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилешкен.Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышкан. Ал эми америкалык делегациянын курамында Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болгон
Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө жалпы 15,4 миллард кВт/саат электр энергиясы коротулган. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 19,3 миллиард кВт/саатты түздү. Башкача айтканда, беш жыл ичинде электр энергиясын керектөө 4 миллиард киловатт/саатка көбөйдү.Ошондой эле Кыргызстан былтыр 15,4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өзү өндүрүп, коңшу мамлекеттерден 3,8 миллиард кВт/саатты импорттоп алганы айтылды.Курулуш министрлиги “Зам Зам билдинг” жана “Аалам строй” курулуш компанияларынын лицензиясын 90 күнгө токтотту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.Министрлик эки компаниянын курулуш иштерин 17-январдан тарта текшерген. Жыйынтыгында "Аалам строй" ЖЧКсынын Анкара көчөсү, 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплекстеринде техникалык коопсуздук эрежелери менен мыйзамдар бузулганы аныкталган. “Компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары, курулуш объектиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган”, — деп билдирди министрлик. Мындан тышкары, "Аалам строй" компаниясы 3 миллион сом айыпка жыгылган.Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетишти. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды. Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Таймашта күмүш медалды Гонконгдун командасы утуп, экинчи орунду камсыздады. Ал эми мексикалыктар коло медаль тагынып, үчүнчү орунга жайгашты.Украинада тынчтык орнотуп, жаңжалды жөнгө салуу боюнча Москва, Киев жана Вашингтондун Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрү конструктивдүү маанайда өттү. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф айтканын РИА Новости жазды.Чабарман сүйлөшүүлөрдүн уландысы кийинки жумага пландалганын айтты.Уиткофф Трамптын администрациясы украин жаңжалын жөнгө салууда чечкиндүү позицияда экенин белгиледи. Бириккен Араб Эмирликтеринде Москва, Вашингтон жана Киевдин коопсуздук маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жолугушууда Россиянын Донбасска карата аймактык талаптары, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы талаш талкууланган. Ошондой эле жаңжалдын чыңалуусун азайтуу, кырдаалды курчутпоого жана акырындык менен басаңдатууга багытталган конкреттүү чараларды карашкан.Эске салсак, Россия президенти Владимир Путин Уиткофф менен жолугуп, төрт саатка чукул сүйлөшкөн. Анда тараптар аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилешкен.Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышкан. Ал эми америкалык делегациянын курамында Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болгон
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/19/1099337809_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ff8c27218a708a3f14af497ff1030e36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио