https://sputnik.kg/20250111/eksperimenttik-rezhim-miyzam-kol-koyuldu-1091362216.html
Президент абактарда эксперименттик режим колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду
Президент абактарда эксперименттик режим колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Бул... 11.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-11T18:55+0600
2025-01-11T18:55+0600
2025-01-11T18:55+0600
кыргызстан
абак
мыйзам
эксперимент
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/04/1089969893_0:102:2560:1542_1920x0_80_0_0_1df6a8c2a0c0f4796bfdfe7a7b5e3a6c.jpg
БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.“Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алган.Негизги ченемдери:
https://sputnik.kg/20241229/zhaparov-sizo-kommentarij-1091147602.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/04/1089969893_279:0:2560:1711_1920x0_80_0_0_fc6a80464765bec71be131a08158e883.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, абак, мыйзам, эксперимент, садыр жапаров
кыргызстан, абак, мыйзам, эксперимент, садыр жапаров
Президент абактарда эксперименттик режим колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду
БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режимин колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
“Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды 2024-жылдын 28-ноябрында
Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алган.жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режими болот. Ага ылайык, обочолонгон участок түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мунун баары ведомстволук актылар менен аныкталат;
соттолгон адам бойго жете элек баласынын жалгыз ата-энеси болуп эсептелсе, баласы менен жолугуу үчүн белгилүү мөөнөткө абактан тышка чыгууга укук берилет;
соттолгон адамдын жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир мекемеден экинчи мекемеге которуу мүмкүнчүлүгү каралат;
өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орун түзүү каралат;
соттун чечими менен түрмөгө которулганда жазанын мөөнөтүн жана шарттуу эрте бошотуу мөөнөттөрүн эсептөө үчүн эрежелер белгиленет.
29 Бештин айы 2024, 10:49