Жапаров абактагылар тинтилип, ур-токмокко алынды деген кептерге жооп берди
10:49 29.12.2024 (Жаңыртылды: 17:11 30.12.2024)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРПрезидент Садыр Жапаров. Архивное фото
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров абактагылар тинтилип, ур-токмокко алынды деген кептер боюнча "Кабар" агенттигине маек берди.
Интервьюнун урунттуу учурлары:
кабарды интернеттен окуп, Бишкектеги СИЗО жана абактагылар аеосуз сабалып, 5 адам өлүптүр деген маалымат жалган экенин аныктадым. Бирок телефон алуу үчүн тинтүү болгону чын, бир эле СИЗОдон 700гө жакын телефон алыныптыр;
телефондорун албасак, түрмөдө отуруп алып сырттагыларды акчага алдап жатышат. Өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер көп алданышат экен. "Президент бир кечеге чакырды, акча чогултуп жатабыз" деп алдап кетишет. Биринчи айымдын атын колдонуп "небересинин тушоо тоюна чакырып жатат" дешсе, тааныш эжебиз 30 миң сом которуп салыптыр. Мындай алдангандар көп, ошондуктан телефондор тазаланып жатат;
күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Мурдагыдай инвесторлорду, бизнесмендерди тоногон криминалдар болбош керек. Эгер бизнесмендерден "үлүш", "отметка" сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула. Чагылгандай тездик менен чара көрүлөт. Эгер кайсы бир бизнесмен же базар ээлери өздөрү "отметка" бергенин билип калсак, алар да жазага тартылат;
азыр түрмөлөрдө отургандар иштеп акча табыш үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы чыгып түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялаганын жазышкан. Андан кийин №1 тергөө абагында бет капчан адамдар камактагыларды сабап жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты да төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн кабарлаган.