https://sputnik.kg/20240208/tehc-sonku-maalymat-1082543802.html
ТЭЦ боюнча соңку маалымат. Үйлөргө жылуулук берилип, айланасы тазаланууда
ТЭЦ боюнча соңку маалымат. Үйлөргө жылуулук берилип, айланасы тазаланууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 8-февралга карата бардык абоненттерге жылуулук, ысык суу берилип, Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу... 08.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-08T11:44+0600
2024-02-08T11:44+0600
2024-03-10T18:24+0600
кыргызстан
тэц
жылытуу
чатыр
видео
бишкек тэциндеги авария
жэб
https://sputnik.kg/img/103751/69/1037516931_0:467:6016:3851_1920x0_80_0_0_0a51bcc6b2665c84676494821f48a16a.jpg
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 8-февралга карата бардык абоненттерге жылуулук, ысык суу берилип, Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Медиаштабдан кабарлашты.Ага ылайык, учурда ТЭЦте 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштөөдө. Шаардыктардан түшкөн арыздар тез арада каралып жатат.ТЭЦтин айланасындагы жарылуудан кийинки курулуш материалдарынын калдыктары тазаланып бүтүп калганы айтылды.Эске салсак, 2-февралга караган түнү ТЭЦте жарылуу болуп, шаардыктардын айрым бөлүгүнө жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Кырсыктан беш киши жабыркады. Денесинин 80-90 пайызы күйүп калган эки жумушчу ушу тапта Түркияда дарыланып жатат.Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталган.Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун жарлыгы менен Кыргызстанга 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөтүлгөн.
https://sputnik.kg/20240205/tets-zharyluu-komur-maydaloo-tegirmen-1082450437.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103751/69/1037516931_1291:472:6016:4016_1920x0_80_0_0_b8a817a27cea14b6ccfc2f37c9c04c80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тэц, жылытуу, чатыр, видео, жэб
кыргызстан, тэц, жылытуу, чатыр, видео, жэб
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 8-февралга карата бардык абоненттерге жылуулук, ысык суу берилип, Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Медиаштабдан кабарлашты.
Ага ылайык, учурда ТЭЦте 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштөөдө. Шаардыктардан түшкөн арыздар тез арада каралып жатат.
ТЭЦтин айланасындагы жарылуудан кийинки курулуш материалдарынын калдыктары тазаланып бүтүп калганы айтылды.
"Азыр ТЭЦтеги жарылган имараттын чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ага 576 адам, 17 техника тартылган. Жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген", — деп жазылат кабарда.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү ТЭЦте жарылуу болуп, шаардыктардын айрым бөлүгүнө жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Кырсыктан беш киши жабыркады. Денесинин 80-90 пайызы күйүп калган эки жумушчу ушу тапта Түркияда дарыланып жатат.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталган.
Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун жарлыгы менен Кыргызстанга
2 миң тонна суюлтулган газ жөнөтүлгөн.