Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Бишкек ТЭЦиндеги авария: эми Түркмөнстан менен Казакстан жардамга кол сунду

© Фото / Электронная газета "Золотой век" / Мердан ОразовТүркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Түркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Кечээ Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Түркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Жардам берүү боюнча атайын документке президент Сердар Бердымухамедов кол койгон.
"Мындай акцияларды жасоо — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири. Башка кыйынчылык түшүп турганда берген жардам өзгөчө маанилүү, ал эми бир тууган өлкөгө көмөк көрсөтүү гуманизмдин улуу ишинин уланышы", — деп айтылган Түркмөнстан президентинин сайтындагы маалыматта.
Жардам поезд менен жөнөтүлгөн.
© Фото / Электронная газета "Золотой век" / Мердан ОразовТүркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Доставка гуманитарного груза из Туркменистана в связи с аварией на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Түркмөнстан Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийин Кыргызстанга 2 тонна суюлтулган газ жөнөттү.
Мындан мурдараак коңшу Казакстан да Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан улам жардам көрсөтөрү тууралуу маалымдалган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен казак тарап Жамбыл ГРЭСинен келген электр кубатынын көлөмүн көбөйтүүнү чечкен.
Кечээ, 3-февралда, Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөтүп, ал Жалал-Абадга жеткен.
Коңшу өлкө суюлтулган газ толтурулган 1000 баллонду 9 жүк ташуучу унаа менен жөнөткөн. Ал "Бек-Абад" посту аркылуу өткөрүлгөн.
2024-жылдын 2-февралында болгон Бишкек ТЭЦиндеги жарылуунун кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.
Жекшемби (4-февраль) эртең мененкиге карата 8 буу казан жана 4 турбогенератор иштеп жатканы айтылды. ТЭЦтин жалпы активдүү кубаттуулугу учурда 270 мегаватты түзөт. Ысык суунун температурасы 40тан 61 градуска чейин берилип, авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда.
Бишкек ТЭЦинин дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0