Дубайдан машина алдыруунун жол-жобосу кандай? Ишкердин маеги

© Фото / предоставлено Элдияром ЖаныбековымДубайдан автокөлүк жиберип иштеген Элдияр Жаныбеков
Дубайдан автокөлүк жиберип иштеген Элдияр Жаныбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдөн автоунааларды буюртма менен алдыра баштады. Өзгөчө, учурда Корея менен Дубайдан арбыды.
Sputnik Кыргызстанга Дубайдан автокөлүк жиберип иштеген Элдияр Жаныбеков аукциондун кызыктуу учурлары, буюртма берүүнүн ыкмалары жана кыргызстандыктардын автоунааны сырдоодо дубайлыктарды алдына салдырбаганы боюнча маек куруп берди.
— Сиз Дубайга кандай себептер менен барып калгансыз?
— Дубайга окууга баргам. Кесибим боюнча котормочу болгондуктан сөз байлыгымды жакшыртууну максат кылгам. Жаңы барганда Дубайдан машина салуу ыңгайлуу, арзан экенин көрдүк. Мурда Кыргызстанда машина айдоо, жеткирүү жумуштарында иштегем. Бирок алып-сатуу менен алектенген эмесмин. Бажы союзуна киргенден кийин кымбаттап кетти. Ошол себептен үчүнчү өлкөлөрдөн, чыкканына жети жылдан ашпаган машиналарды алып келүү керек. Башка өлкөлөргө караганда Дубайдан алып келүү бизге ыңгайлуу. Анткени жакын, баасы да арзаныраак жана бул мамлекеттин дүйнөлүк рынокто орду бар.
— Машинаны кантип тандайсыңар? Шоурумдарга катышуу, кардар менен иштөө, автоунаа сатуу рыногу кандай түзүлгөнү тууралуу айтсаңыз?
— Дубайдын базары абдан кенен. Шарттары да жакшы. Шоурумдан темир тулпар тандоо да ыңгайлуу. Шоурум — унаа саткан жай. Ал жактан каалаган унааңды тандап аласың, ичинде ири бизнесмендердин дүкөндөрү жайгашкан. Жалпысынан техникалык абалын жакшылап текшерип, өзүбүз ынангандан кийин гана алсак болот. Ал эми аукциондо техникалык абалын текшерүүгө беш мүнөт гана берилет, моторуна, кыймылдаткыч коробкасына кепилдик бербейт. Ошол жоопкерчилик бизге жүктөлгөндүктөн беш мүнөттүн ичинде баарын текшергенге үлгүрүп калуу керек. Жакпаса баш тартабыз.
— Бизге келүүчү автокөлүктөр көбүнчө аукциондон алынат го?
— Кыргызстанга Дубайдан келген автокөлүктөрдүн 70 пайызы аукцион аркылуу келген. Анткени ал базар баасынан 50 пайызга арзан. Бирок даяр варианттарды алып, Кыргызстанга салып жиберген бизге жеңилирээк. Жаңы барганда бул иште чытырман токойго түшүп калгандай эле сезилчү. Аукциондон машина алуу, депозит төлөө бизге да оор болчу. Аукциондо чектөө жок, бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖаныбеков: Кыргызстанга Дубайдан келген автокөлүктөрдүн 70 пайызы аукцион аркылуу келген
Предприниматель Элдияр Жаныбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жаныбеков: Кыргызстанга Дубайдан келген автокөлүктөрдүн 70 пайызы аукцион аркылуу келген
— Аукциондогу баа канчага чейин көтөрүлөт, кызыл чеке болсоңуздар керек?
— Болжол менен күнүнө үч аукцион өтөт. 200 машина келсе, анын 120-130у сатылып, 70и эртеси чыгат. Бир аукционго 200дөн 500гө чейин адам катышып калат. Аукциондо бир жолу колуңду көтөрсөң баа 200 долларга өсөт. Негизи аукциондун кызыгы укмуш. Анда машина ала турган кишини түз эфирге кошобуз. Кээде ал да "көтөр-көтөр" деп жиберет. Андайда чама-чаркыңды караш керек. Кардардын пайдасына баарын эсептеп, "сизге кымбатка түшүп калат" деп айтабыз.
— Сиздерге кардар машинанын маркасынан бери айтып буюртма береби же сунуштайсыздарбы?
— Аукциондун каталогу камтылган топко кошулуп алабыз, алар күнүнө жаңыртылган каталогду жөнөтүп турушат. Кардар издеген машинаны таап өзүнө жиберебиз. Баасы туура келсе аукционго катышабыз. Бир машинаны беш-алты кыргыз жактырып калган учурлар болот. Анда бири-бирибизди колдоп, түшүнө билебиз. Бир машинага ар бир кардар чөнтөгүнө жараша акча сунуштайт. Ошол учурда бир эле кыргыз катышат. Аукцион бүткөндө чүчү кулак менен чечишип алабыз.
— Америкада урулган автоунаалар Дубайдагы аукциондо сатыларын айтышат. Бул жагы кандай?
— Ооба, бир аз урулган жери болот. Бирок ошол жерин Дубайда алмаштыруу ыңгайлуу. Анткени тетиктер өтө арзан жана жеткиликтүү. Ал эми эч жери эч нерсе болбогондору абдан кымбат. Урулган жерин биз деле карайбыз. Азыраак зыян тартканын алганга аракет кылабыз. Бир жагы сыйрылып же бир капталы кыйшайып калса албайбыз.
— Канча суммага чейин оңдоого боло турганын карайсыздар?
— Ар кандай болуп калат. Кээде кымбат машинанын кичинекей эле тетиги миң доллардан ашып кетиши ыктымал. Негизи миң долларга чейин оңдоого мүмкүн болгон машиналарды карайбыз.
— Кантип текшересиздер?
— Усталарды алып келип текшертип, көйгөйлүү жерин баалатып жүрүп өзүбүз деле үйрөнүп, көз көнүп бүттү. Башында барганда тетик саткан жерде үч ай иштегенбиз. Бул биз үчүн артыкчылык болду. Кыргызстанга келген машинанын көбүнүн тетиктерин билебиз. Барганда эле автоунааны көрүп, баалай алабыз. Көбүнчө кардар сураган баадан 200-300 доллар айырма чыгышы мүмкүн. Автоунааларды оңдотуп туруп жибергенде тышын сырдатпайбыз. Анткени Кыргызстанда бул ишти мыкты жасашат. Дубайда автоунаанын тышын сырдоо жагы кыргызстандыктардай жакшы өздөштүрүлө элек. Бул боюнча биздикилер чебер болуп алышкан.
© Фото / предоставлено Элдияром ЖаныбековымЖаныбеков: аукциондо чектөө жок, бардык мамлекеттин жарандары катыша алат
Предприниматель Элдияр Жаныбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жаныбеков: аукциондо чектөө жок, бардык мамлекеттин жарандары катыша алат
— Автоунааны алгандан кийин Кыргызстанга кантип жөнөтөсүздөр?
— Документ жагын аукцион өткөрүүчүлөр өзү тууралап, колго карматат. Машина уткандан кийин 10 же 20 пайыз депозит талап кылат. Кардар акчаны которгуча ошол акча өзүңдө болушу керек. Мисалы, 15 миң долларлык машинага үч миң доллар депозит төлөйсүң. Бир жуманын ичинде ошол акчасын төлөп алып кетпесең депозитиң күйүп кетет. Кээде ушундай учурлар болот. Ошол себептен кардарларга алгач депозит котортобуз, болбосо аукциондо ойноодон баш тартабыз.
Бажы алымдары менен логистикалык компаниялар өздөрү сүйлөшөт. Аларда да атаандаштык күч болгондуктан баасы арзандап, бир темир тулпарды Кыргызстанга жеткирүү 2 500 доллардын тегерегин түздү. Мурда узак убакытта жеткирчү. Мисалы, менин биринчи салган машинам үч айда келген. Бирок азыр, кудайга шүгүр, жайдын күнү бат келгени — 15 күн. Кеч келгени 25 күндө жетип жатат. Маршруттук жолу — Иранга чейин порт менен келип, андан тралга жүктөлүп, Түркмөнстан — Өзбекстан – Ош – Бишкек каттамы менен келет. Же болбосо Казакстан аркылуу борборго түз жетет. Машина кардардын колуна жеткенге чейин ойлонуп, түйшөлөсүң. Сыртынан оңой көрүнгөнү менен кыйын жумуш, жоопкерчилиги өтө жогору. Биздин максаттарыбыздын бири — Кыргызстандын автопаркын жаңылоо. Жиберген машиналарыбыздын 40 пайызы кайра сыртка чыгып кетет. Бирок кыргызстандыктарга эле эмес, башка мамлекеттерге да жибергендер бар.
— Акыркы учурда Дубайдан, Түштүк Кореядан ташылып жаткан автоунаалар рынокту ээлеп, баага таасирин тийгизе баштагандай.
— Негизи биз салып жаткан машиналар жаңы болгондуктан Кыргызстанга жеткен баасы эле 10 000 доллар болот. Ошол себептен Кыргызстандын автопаркы дагы да болсо ойдогудай жаңырбай жатат. Көчөдөн өтүп бара жатсаң 100 машинанын 20сы гана 2010-жылдан өйдөрөөк. Көбү 2005-жылга чейинкилер. Ошол себептен өлкөнүн автопаркын жаңылоо үчүн бийликтен жети жыл эмес, 10 жыл мурда чыккан машиналардын киришине уруксат берүүсүн өтүнөбүз. Коңшу казактарга 2012-2013-жылдагы машиналар гана кире алат. Алар машиналарын жакшы жаңылап жатат. Ал эми тажиктер 2010-жылдан өйдөлөрдү киргизе алат. Кыргызстандын автопаркында 2013-жылы чыккан темир тулпарлар жаңы катары эсептелип калды. Анткени элдин чама-чаркы ошондой. Бул бир чети өкүнүчтүү.
Косметолог жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Курстан өтө калып эле косметолог болгондордон абайлаш керек. Дарыгердин маеги
— Сиз алектенген ишкерлик канчалык деңгээлде рентабелдүү?
— Автоунаа жиберүү — кирешеси туруктуу ишкерликтин катарына кирбейт. Ал адамдын аракетине жараша. Жакшы иштегендер ошого ылайык киреше таап жатышат. Бир машина үчүн кардар 500 доллар берет. Дубайды жакшы билсең, тетиктерди айырмалай алсаң, чыгымың аз болсо анын 300 доллары чөнтөгүңдө калат. Киреше болгон жерде чыгаша да бар. Бардык жерде сен каалагандай боло бербейт. Кээде автокөлүк кардарга жакпай калат, аны ыраазы кылуу үчүн кемчилигин оңдотууга 500 доллардан ашык чыгым болосуң.
— Кыргызстандыктар көбүнчө Toyota Camry, Toyota Highlander унаасын көп сурашат. Бизге кайсы үлгүлөр ыңгайлуу?
— Кыргызстандыктар Түштүк Кореянын машиналарын көп сурашат. Алар Кореяга караганда Дубайда арзан болуп калышы мүмкүн. Hyundai Santa Fe менен KIA автоунааларына буюртма көп түшөт. Бирок байкашымча, кыргызстандыктардын табити — Toyota Camry. Таксиде иштесе деле Camry жибер дей беришет. Ошол учурда мен KIA Optima үлгүсүн сунуштайм. Анткени баасы ар башка болгону менен экөөнүн комфорту, кыймылдаткычы, түзүлүштөрү бирдей эле. Негизинен биз Америкадан жана Кореядан келгендерди салабыз. Ал эми Дубайдын машиналары баасы арзан болгону менен жылыткычы жакшы иштебейт. Кондиционердин эки радиатору бар жана фреон башка автокөлүктөргө караганда эки эсе көп куюлат. Ал машиналар Кыргызстандын суугуна жарабайт, абалы да өтө жакшы эмес.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖаныбеков: аукциондо бир жолу колуңду көтөрсөң баа 200 долларга өсөт
Предприниматель Элдияр Жаныбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жаныбеков: аукциондо бир жолу колуңду көтөрсөң баа 200 долларга өсөт
— Эң арзан машинаны канчага алса болот?
— Автобазарда оомал-төкмөл дүнүйө. Бир эле машинаны бирде кымбат, кээде арзан алып каласың. Мисалы, KIA Optima машинасын адатта 7-8 миң долларга алышса, кээде 4000 миң доллар болуп калат. Бир ирет аукциондон кара түстөгү, жылы жаңы, аз эле жүргөн KIA Optima 4000 долларга чыгып калган.
— Дубайдан машина салуучулар көбөйдү. Бирок аларга алданып калгандар да бар экен.
— Ооба, ошондой адамдарга кабылгандар да бар. Алданып калбаш үчүн алгач алардын Кыргызстандагы адамына же өкүлчүлүгүнө жолугуу керек. Мисалы, биздин компаниянын бул жактагы өкүлчүлүгүнө барып, алдын ала депозит төлөп, чек кырктырып алса болот. Керек болсо сактык үчүн видеого тартып алышы керек. Ушул сыяктуу нерселерди тактоо зарыл. Буга кайдыгер кароого болбойт. Анткени бизге салынган ар бир акча өтө чоң мээнет менен табылган. Буюртма берип жаткан адам да ошол компанияны жакшылап изилдеп койсо алданып калуу ыктымалдуулугу азаят.
— Дубайда силердин жашооңор: батир жалдоо, күнүмдүк чыгым жана башка жагы кандай?
— Негизи эле Араб Эмираттары туристтерге абдан ыңгайлашкан. Бардык шарты менен бир бөлмөнү же батирди жалдасаң же сатып алсаң да болот. Акчага жараша издегениңди табасың. Биз бир үйдү алып жашап жүрдүк. Кыргызстанга салыштырмалуу баалар кымбат, анан да аба ырайы абдан ысык. Кыргызстандын мээлүүн абасынын баркын ысыкка какталганда билесиң. Алгач кышында барганда жеңил кийинип, жагымдуу болгон, бирок апрелден баштап ысый баштайт. Тамагынан да кыйналдык. Алар күрүч менен ачууга басым жасашат. Биздин этти сагынасың.
Төшөктө смартфон менен жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Сексуалдык муктаждыгын телефон аркылуу кандырып жүрүп ажырашууга жеткендер бар. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0