Курстан өтө калып эле косметолог болгондордон абайлаш керек. Дарыгердин маеги

© Sputnik / Денис АбрамовКосметолог жумуш учурунда. Архив
Косметолог жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Жазылуу
Бетке кам көрүү жана карылыкты алдын алуунун түрдүү ыкмалары менен катар бьюти-каражаттар да көп. Бирок ар бир адам өзүнүн терисине керектүүсүн пайдаланышы керек. Ал үчүн косметологду туура тандай билүү абзел.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто дерматокосметолог Жанара Кубаныч болду. Биз косметологду туура тандоо, бьюти-каражаттардын пайда-зыяны тууралуу сүйлөштүк.
— Косметологду кантип туура тандоо керек?
— "Эреже катары беш кадам айтам, ошону менен тандайсыңар" деп айтуудан алысмын. Кээ бирлер даражасына, айрымдар жаш курагына карайт. Бирок бул туура эмес. Азыркы система боюнча жабдыктар, препараттар күндө жаңырууда. Дос кызы же кесиптешине жардам берген косметологдорго бара бергенге да болбойт. Алгач косметолог медициналык билими бар мыкты адис болушу керек. Врачтар да категорияларга бөлүнөт. Азыр медайымдар кошумча билим алып косметолог болушууда. Ал орто билимдүү адиске кирет. Бирок учурда кыска мөөнөттүү курстарды окуп алып эле косметолог болуп алгандар бар. Акыркы эки жылдан бери сулуулук индустриясындагы сабатсыздардын иши ашкереленип, бир катар фактылар чыгууда. Жогорку категориядагы врач ал адамдын физиологиясын толук окуп чыккан. Ката кетирсе кандай көйгөйлөр күтүп жатканын жакшы билет. Муну менен катар кабинеттин ичинде көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдар бар. Курстардан окуп алгандар мунун баарын билбегендиктен коркпой эле жасай берет. Билбеген киши коркпойт да. Анан кардарынын бетин күйгүзүп же бир нерсе кылып алса соцтармактан жакшы билген врачтарды көрсөтүп "ушуга барсаң жардам берет" деп жиберип коюшат. Кардарларын дайыма мага жөнөткөн бирөөнү билем. Ал эми башка профилде медициналык билими бар дарыгер квалификацияланып косметолог болсо эч нерсе эмес. Анткени ал медициналык окуу жайда адамдын анатомиясын жылдап окуган. Өткөндө бир кыз "эже, мага сертификат эле берип коюңуз. Мен "Ютубдан" баарын үйрөнүп алдым. 1,5 айдан кийин чет мамлекетке иштегени кетишим керек" деп келиптир. Мындай чала сабат косметологдорду эл өзү издеп барат экен. Себеби арзан, эч кандай анализ тапшыртпайт, 4-5 күн кезек күтпөйт. Бирок жыйынтыгында кайра эле бизге келип калышууда. Косметологдор жогорку билимдүү жана орто билимдүү болуп бөлүнөт. Ушуларга гана баруу керек.
Анан жабдыктардан да көп нерсе көз каранды. Чыгарган фирмасына, мамлекетине жараша айырмаланат. Арзан аппараттардан оору кабылдап кетиши толук ыктымал.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДерматокосметолог Жанара Кубаныч
Дерматокосметолог Жанара Кубаныч - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Дерматокосметолог Жанара Кубаныч
— Косметологдордун кабинетинде сулуулук салондору берген сертификаттар илинип турганын көрөбүз. Бул анын кесипкөйлүгүн билдиреби?
— Мурда 7-8 жерде эле окутчу. Азыр абдан көбөйүп кетти. Ошол эле косметологдор өздөрү окута баштады. Негизи Билим берүү министрлигинен жана Саламаттык сактоо министрлигинен лицензия алгандар гана окутуп, сертификат бере алат. Косметология боюнча курс ачууда лицензия алуу бир аз татаалыраак. Бирок айрым сулуулук салондору каш, кирпик жасоого алган лицензиялары менен деле косметологдорду окутуп чыгарып коюшат. Бул, албетте, туура эмес, андай курстардан чыныгы териге кам көргөн адис даярдалып чыгарына ишенүү кыйын. Андыктан илинип турган сертификаттардын саны көрсөткүч эмес.
— Косметологго биринчи барган айым эмнесине көңүл бурушу керек?
— Көбү бул адистикти туура эмес түшүнүп, визажист менен алмаштырат. Азыр косметолог, гинеколог, кийим, иши кылып эмне керек болсо эле Instagram баракчага жаза коюп издешет. Көбү салыштырып отуруп келет. Биз да социалдык тармакка өзүбүз тууралуу маалыматтарды илебиз. Адам канчалык маалыматка ээ болуп келсе, ошончолук жакшы. Айрымдар ишенбей сурай бергенден дагы үч-төрт косметологго барып көрүүгө кеңеш берем. Анткени ичинен кыжалат болбошу керек. Көңүлүнө туура келсе, толук ынандырса гана барсын. Алгач медициналык билимин, косметолог катары адистигин карап, сертификаттарын көңүл коюп окуп чыккыла.
— Карылыкты алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
— Азыр оозду ашыкча чоңойтууну каалаган аялдар бар. Аларга "бул препараттар карылыкты алдын алуу үчүн гана колдонулат. Улгайганда эриндин эти качып бырыш түшүп кетет. Ошол кезде гана өлчөмү менен сайып койсо, убактылуу эринди нымдаштырып, бырыштарын кетирип турат" деп түшүндүрөм. Эрдин чоңойткусу келгендер нымдаштыруу үчүн сунушталган препаратты өлчөмүнөн 2-3 эсе көп сайдырып алышат. Мында тери чоюлуп, дары тараган соң кайра шалбырап, жаман көрүнүп калат. Аны организм кабыл албагандыктан оору кабылдап, оорутуп, анан хирургиялык ыкма менен дарылоого туура келет. Косметологиялык препараттар өз өлчөмүндө куюлса, организмге эч кандай терс таасири тийбейт. Келбетти бир аз өзгөртүү процедурасы протокол боюнча жүрсө, адамдын келбети өзгөрүлбөйт, дартка да чалдыкпайт.
Анткен менен карылыктан эч ким качып кутула албайт, бирок аны кечеңдетүүгө мүмкүн. Негизи териге кам көрүп, ички органдарды тазалап жана күндөн сактануу керек. Ушул үч факторду эркек-кыз дебей бала кезден үйрөтүү зарыл. Теринин үстүңкү катмары менен иштесе, улгайганда да жылтырап турат. Жашартуучу дарыны теринин астына канча куйса деле сыртына кам көрүлбөгөн беттин өңү жаман болуп кала берет. Ар бир адам өзүнүн терисин сүйүп, күндө бетти тазалап, жууп, анан укташы керек. Көбүнчө аялдар үйдүн түйшүгү менен жүрүп, өзүн унутуп калат.
Дары-дармек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Биоактивдүү кошулмаларды алуудан мурда сертификатын текшергиле. Дарыгердин маеги
— Биздин климатта терини кантип нымдуу алып жүрөбүз?
— Тоолуу аймак болгондуктан бизге күн тике тиет. Жашыл чөп кандай куураса тери да ошондой болот. Кийим кийип жүргөн денебиз ак, эч кандай так жок. Ал эми бети-колубуз куудурап кетип жатпайбы. Күндүн нуру үчкө бөлүнөт. А нуру — бекинип үйгө кирип отуруп алсак да жетет. В нуру — рак ооруларын козгойт. Көлгө түшкөндө "эртең менен саат 11:00дөн 16:00гө чейин күнгө күйбөгүлө" дегенибиз ошол. Ал эми С нуру — жер менен асмандын ортосунда өзү жок болуп кетет. Мындан тышкары, көптөгөн ультра нурлар бар. Адамга күндүн 10 пайызы гана пайдалуу, калган 80-90 пайызы зыян. Анан да корей, япон косметикаларын канча сүйкөсөк да, бетибиз кинодогу корейлерге окшошуп калбайт. Анткени климатыбыз, тамактануубуз башка. Корейлер балдарын жети жашынан баштап териге кам көрүүгө, күндөн коргонууга үйрөтөт. Сыртка чыгарда күндөн коргонуучу кремдерди сүйкөп, башына баш кийим кийгизүү керек. Ошол кино, рекламадагы жылмакай беттер ал улуттун өкүлдөрүнүн же ошол өлкөдө жашагандын баарынын териси ошондой дегенди билдирбейт. Аларда деле биздики сыяктуу шуудураган беттүүлөр, көйгөйлүү терилер, тегиз эмес өңдүүлөр толтура. Анткени тери жыламакай болуусу үчүн бир эле астына витамин сайдырып, үстүнө крем сүйкөй берген жетишсиз. Ички органдардын таза болушу, туура тамактануу, режим менен уктоо, стресс — мунун баары таасирин тийгизет.
Анан да биздин аялдар балдарга арналган бет майларды сүйкөнгөндү жакшы көрүшөт. Бул кремдер териге эч кандай жардам бербейт. Ал майлуу крем. Бизге терини нымдаштыруучу кремдер керек. Айрымдар теринин майлуулугунан кутулуу үчүн спиртке чыланган каражаттар менен тазалап, самындап жуушат. Мында тери эки эсе көп май бөлүп чыгат.
Ошондой эле SPF кремдерден тышкары ультра нурлардан сактоочу кремдер бар. Компьютер, телефондун алдында да аралыкты сактап, коргоочу кремдерди сүйкөнүү керек. Анан да аларды базардан, соода түйүндөрүнөн алган жарабайт. Ал кремдер күндүн ысыгында, кыштын суугунда тоңуп кайра эригенде сапатын жоготот.
— Негизи кремдерди кайдан алган туура?
— Европада териси кургап же кызарып жатса дарыканага барышат. Фармацевт терисине карап тандап берет. Биз ошого жетишишибиз зарыл. Азыр биздин дарыкана менен базардагы кремдердин айырмасы жок. Мындай болбошу керек. Косметика да "эконом" класстагы, "люкс" класстагы жана фармкосметика болуп үчкө бөлүнөт. "Эконом" класстагылар — биздеги бардык жерде сатылган кол жеткен косметика. Ал эми "люкс" класс — жыты, кооздугу менен арбап алган бренд косметика. Фармкосметикага дарылык касиети барлар кирет. Алар көйгөйлүү же сезгенген териге арналып атайын тармактарга бөлүнөт. Ушунун баары биздин рынокто жөнгө салынышы керек. Ал эми пирамида түрүндөгү компаниялардын косметикасында пептиддер бар. Алар сүйкөнүп жатканда жардам берет да, сүйкөнбөй калганда тери жаман болуп кетет. Башкача айтканда, көз карандылык пайда болот. Ошондой эле жакшы кымбат фармкремдердин арзаны жасалма болуп чыгат.
— Кадимки күнүмдүк жашоодо адам териге кандай кам көрүп, жылына канча жолу косметологго келип турушу керек?
— Үйдөн күнүмдүк кам көрүүнү туура жасаш керек. Ал теринин абалына, түрүнө карай бир нече этаптан турат. Бир аз болсо да спорт менен машыгуу зарыл. Спорт залга сөзсүз баруу эмес, жөө басуу, көнүгүү жасоо өңдүү кичине активдүү жашоо кажет. Кандай тери болбосун 1,5 айда бир жолу тазалоо процедурасы керек. Анткени биздин май, тер чыгаруучу бездерибиз тынымсыз иштейт. Анан да косметиканын калдыктарынан, өлгөн клеткалардын катмарынан улам канча витамин колдонсо деле бетке пайдасы болбойт. Анткени анын баары теринин астына кетип, теринин үстү өлгөн клеткалар менен капталып жата берет.
Киши каржылык документтерди изилдеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Кандай гана реформа болбосун жегичтер жолун табат. Тендер боюнча эксперттин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0