Буга чейинки салык декларациялары жокко чыгат. Мүлктү легалдаштыруу тууралуу маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясы менен адам. Иллюстративдик сүрөт
Бирдиктүү салык декларациясы менен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Министрлер кабинети жеке адамдардын мыйзамсыз мүлкүн легалдаштыруу боюнча атайын декларация тапшыруу тартибин бекитти.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты департаментинин башчысы Кубанычбек Ысабеков болду.
— Легалдаштыруу мыйзамын эки жылдан бери эле талкуулап келе жатабыз. Кимдер мүмкүнчүлүк ала алды, кандай өзгөртүүлөр кирди?
— 2023-жылдын 6-июнунда президент тарабынан "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлган. 30 жылдан бери рыноктук экономикага өтүп, бир катар кыйынчылыктар болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, биздин ички дүң продукциябыздын 20-30 пайызы көмүскө экономикада. Айрым маалыматтарда 40 пайыз деп көрсөтүлөт. Муну так эч ким айта албайт. Өнүккөн өлкөлөрдө деле бар, бирок анын үлүшү аз. Ар өлкөдө ар кандай көрсөткүч. Жеке адамдардын мүлкүн легалдаштыруу да көмүскө экономиканы азайтуунун инструменти. Дүйнө жүзүндө ушундай практика бар. Жыл сайын легалдаштыруу компаниялары болуп турат. Бул мыйзам бардык кыргызстандыктарга жана кайрылман статусу барларга да тиешелүү. Бирок жеке менчикке каршы кылмыш жасагандарга, эл аралык жана улуттук санкциялык тизмедеги издөөдө жүргөндөргө жайылтылбайт. Мыйзам максималдуу түрдө бардык адамдарга тийиштүү болушуна аракет кылдык. Ишкерлердин арасында да салыктан качып, ушуга чейин кирешесин жашырып келгендер болгон.
Азыр Салык кызматы ишин күчтөндүргөндүктөн ушундай бузуулар көп аныкталып жатат. Ошондуктан бирдиктүү салык декларациясына өтүү кампаниясы башталды. Муну үч этапка бөлгөнбүз. Биринчи этабы бүттү. Анда бюджеттен каржыланган адамдар декларациясын берди. Экинчиден, мамлекеттен айлык алган бардык кызматкерлер салык декларациясын толтурушу керек. Үчүнчү этап — 2025-жылдын жыйынтыгы менен 2026-жылы 18 жаштан жогорку КР жарандары салык декларациясын толтурат. Мында мүлкүн, кирешесин толук көрсөтөт. 2026-жылы жумушу жоктор, пенсионер, студенттер кошулат. Учурда бирөөнүн атына жазылып калган мүлктү кайра өзүнө каттатууга эч айып пулсуз мүмкүнчүлүк берилип жатат. Буга чейинки салык декларациялары жокко чыгарылат. Эмдиги жылы салык декларациясын тапшырганда бардык мүлк легалдаштырылып, кайра жаңы барактан башталат. Андан тышкары, декларантка активдерди сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Ошондой эле активдердин номинанттык ээлери жазык жоопкерчилигинен, Бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык, жоопкерчиликтен, тартиптик жоопкерчиликтен, салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат. Атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Жаңы мыйзамдын жобосунда ушундай кепилдиктер берилүүдө. Учурда легалдаштыруу, мунапыс берүү мыйзамы жана ошол эле учурда бир нече мыйзам актысына өзгөртүү киргизилген. Мүлкүн легалдаштырбай жашырып калгандарга мүмкүнчүлүк берилет. Бул анонимдүү жүрөт. Ким эмнесин тапшырып жатканын эч ким билбеши керек. Атайын декларациянын бир экземпляры декларатордо эле калат. Мамлекет болгону канча адам легалдаштырганы тууралуу реквизиттерди эле алып калат. Мамлекеттик кызматкер декларациядан өткөн жарандын маалыматын бирөөгө берсе жоопкерчиликке тартылат.
© Sputnik / Асель СыдыковаКубанычбек Ысабеков: Мүлкүн легалдаштырбай жашырып калгандарга мүмкүнчүлүк. Бул анонимдүү жүрөт. Ким эмнесин тапшырып жатканын эч ким билбеши керек. Атайын декларациянын бир экземпляры декларатордо эле калат. Мамлекет болгону канча адам легалдаштырганы тууралуу реквизиттерди эле алып калат.
Глава департамента налоговой политики Министерства экономики и коммерции Кубанычбек Ысабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Кубанычбек Ысабеков: Мүлкүн легалдаштырбай жашырып калгандарга мүмкүнчүлүк. Бул анонимдүү жүрөт. Ким эмнесин тапшырып жатканын эч ким билбеши керек. Атайын декларациянын бир экземпляры декларатордо эле калат. Мамлекет болгону канча адам легалдаштырганы тууралуу реквизиттерди эле алып калат.
— 2026-жылы жалпы декларация тапшырабыз. Кылмыштуу жол менен табылган мүлктөр легалдашпай турганын айтып жатасыз. Аны кантип аныктайсыңар?
— Жогорку Кеңештеги талкууда да ушундай суроолор болгон. Азыр убакыт берилип жатат. Бирок адам сатуу, баңгизат менен шугулдануу, талап-тоноо өңдүү кылмышы тастыкталгандар Жазык кодексине ылайык кылмыш жоопкерчиликке тартылат. Укук коргоо органдары аныктап, сот чечимин чыгарышы керек. Болбосо ал кылмышкер эмес. Сот аркылуу аныкталат.
— Канча каражатты легалдаштырууну пландап жатасыздар?
— Биринчиден, канча адам катышарын жана канчасынын мүлкү легалдаштыруу чегинен ашарын эч ким айта албайт. Чектен ашса бир миллион сом төлөшү керек. Мындан бюджетке чоң акча түшүрүү максаты деле жок. Салыкка бир эле баа коюлган. Мурун миллион же миллиард сомдук мүлкүнүн бир пайызы салык катары кетчү. Азыр андай эмес.
— Ыктыярдуу легалдаштырууга канча мөөнөт берилип жатат?
— Мыйзамга кол коюлгандан баштап 12 календардык ай. Мындайча айтканда, 2024-жылдын 6-июнуна чейин легалдаштыруу кампаниясы өтөт. Учурда саясий эрк менен мурунку декларацияларды өрттөп, жаңы салык реформасы менен ишти баштаганы жатабыз. Бул чоң мүмкүнчүлүк. Азыр да патент системасы бар. Анда жылдык жүгүртүү 8 миллиондон ашса салык төлөнөт. 2016-жылга чейин төрт миллион болсо, кийин чеги жогорулатылып 8 миллион болгон. Мындайча айтканда, 8 миллионго чейинки акча жүгүрткөн чакан бизнес салыктан бошотулган. ККМди колдонууга каршы чыккан ишкерлер менен жолукканда арасында көбүнүн акча жүгүртүүсү 8 миллиондон ашып, 100 миллионго жетери белгилүү болду. Болгону патенттен коркуп 2-3 миң сом салык төлөп жүрүшчү экен. ККМ болгону ошону аныктап берүүгө гана колдонулат. Ал үчүн кошумча салык кошулбайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсабеков: 2024-жылдын 6-июнуна чейин легалдаштыруу кампаниясы өтөт. Учурда саясий эрк менен мурунку декларацияларды өрттөп, жаңы салык реформасы менен ишти баштаганы жатабыз. Бул чоң мүмкүнчүлүк.
Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Ысабеков: 2024-жылдын 6-июнуна чейин легалдаштыруу кампаниясы өтөт. Учурда саясий эрк менен мурунку декларацияларды өрттөп, жаңы салык реформасы менен ишти баштаганы жатабыз. Бул чоң мүмкүнчүлүк.
— Бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
— Легалдаштыруу — бул көмүскөдөн чыгарууга жасалган кадам. Мунун арты менен мамлекетке салык түшүп, кыргызстандыктар сапаттуу, салыгы төлөнгөн товарларды алышы керек. Бузулган товар болсо ошол чек менен кайра кайтарып берүүгө болот. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатыбыз бар. Канча киреше болсо, ошончо салык төлөнүшү керек. ККМдин арты менен 2021-жылы бюджетке 105 миллиард сом салык түшсө, 2022-жылы 156 миллиард түштү. 2023-жылы 200 миллиардга жакын салык жыйноо максаты турат. Бул иш-чаралар бюджетти 50 пайызга көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Бюджетке канчалык көп каражат түшсө, мамлекет өз функцияларын ошончолук толук аткара алат. Коргоо жаатында канчалаган техникалар алынып, жолдор салынууда, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат. Көмүскө экономиканы азайтуу керек. Салыктардын санын да көбөйтпөй мурунку база менен эле бюджетти толтуруп жатабыз.
— Көмүскө чакан бизнес ачып алгандар 2024-жылга чейин каттатпай калса кандай болуп калат?
— Мурдатан жашырып салык төлөбөй иштеп келгендерге эч кандай жоопкерчилик такпай, легалдаштырып алууга чакырабыз. Бул мамлекеттик жактан колдоо. Болгону ККМ колдонуп ачык, эч коркпой иштеши керек.
— Эгер мүлкүн мыйзамдаштырбай, атасына же баласына каттатып койгон болсочу?
— Аларга түздөн-түз иш колдонулбайт, болгону жалпы декаларация тапшырганда тууганыбы, жакыныбы, декларацияга кошушу керек. Ал киши салыкты толук төлөгөнгө милдеттенип калат. Ошол эле учурда айыл чарбасында мал менен иштегендер да декларация толтурушу керек.
Киши каржылык документтерди изилдеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Кандай гана реформа болбосун жегичтер жолун табат. Тендер боюнча эксперттин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0