Кандай гана реформа болбосун жегичтер жолун табат. Тендер боюнча эксперттин маеги

© Фото / Pexels / RODNAE ProductionsКиши каржылык документтерди изилдеп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Киши каржылык документтерди изилдеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Мамлекеттик сатып алуулар жаатына өзгөрүүлөр кирип, президенттин маалымат кызматы тендер түшүнүгү жоюлганын белгилеген. Мунун өзү коомдо бир катар пикирлерди жаратты.
Sputnik Кыргызстан редакциясында экономист Улукман Мамытов болду. Биз мамлекеттик сатып алуулар жана анын оош-кыйышы тууралуу сүйлөштүк.
— Мамлекеттик сатып алуулар процедурасы боюнча пикириңиз кандай?
— Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүнүн таасири бир топ чоң болуп калышы мүмкүн. Бул биздин саясатыбызды, экономикабызды башка жакка буруп жатат. Ар бир реформанын оң жана терс жагы бар. Сындагандар кемчилик таба беришет. Алар “тендер деген сөздү “мамлекеттик сатып алуулар процедурасы” деп атап койгондон эч пайда чыкпасын айтышууда. Мунун деле чындыгы бар. Анткени жегич аткаминерлер мыйзамды бузуп, акча кымыруунун жолдорун таап кете беришет. Өзүнө ылайыктап тендер түзүп деле өткөрүп келишкен. Бул жаңылоонун бир жакшы жери — мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо жолу. Акырындык менен тендерди жөнөкөйлөтүп, мөөнөтүн кыскартсак. Мамлекет татаал процедуралары менен бизнести да, өзүн да кыйнабашы керек. Акыркы учурда Батыштагы чоң-чоң ишканалар жумуштарын жасалма интеллектиге өткөрүп берип жатышат. Бул бир жагынан коркунучтуу, анткени бир топ адам жумушсуз калат. Айрым жегичтер бизде кызматынан кол жуугандан коркуп деле өнүгүүгө жол бербей, механизмдерди жеңилдетүүдөн качып, атайын татаал процедураларды кармап жүрө берсе керек. Бул коомчулукта деле айтылат. Негизи мамлекет акырындан оптимизациялоо жолуна түшүп, процедуралардын механизмдерин жөнөкөйлөтсө жакшы болот эле. Мамлекеттик сатып алуудагы реформа — биринчи кадам. Эгер тендер маселесин өзгөртүүнү биринчи кадам катары эсептесек, кийинкилери жакшы жолго түшөрүнө ишенем.
© Sputnik / Асел АкматЭкономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Экономист Улукман Мамытов
— "Тендер жарыялоо" мыйзамынын жалпысынан идеясы жакшы эле болчу. Анткени бардык сатып алууларды ачык жүргүзүү көзөмөлдөнмөк. Бирок муну да бурмалап коррупцияга пайдаланып кетишти...
— Тендер системасы бизге батыштык реформа менен келген. 1990-жылдары Батыш өз экономикасын бизге киргизип жатканда тендерди жакшы сиңиришкен. Бирок Чыгыш мамлекеттери: Япония, Кытай, Корея, Сингапур тендерди бир аз башкачараак колдонушат. Булар мамлекеттик сатып алууну да азыраак пайдаланышты. Ошол себептен аябай катуу өсүшкөн. Батыштын чоң-чоң уюмдары Кыргызстанга келип, "силердин бизнес анча өнүгө элек, биз өнүккөн компанияларга, консультанттарга гана беришибиз керек" деп ири насыяларын тендер аркылуу өздөрүнүн эле консультанттарына таратып коюшкан. Демек, тендер системасы күчтүү уюмдар үчүн абдан ыңгайлуу. Бизде эл аралык стандартта бутуна турган уюмдар аз, жокко эсе. Ошондуктан биз ага катыша албай утулуп жатабыз. Негизи биздин экономикалык максатыбыздын бири — өзүбүздүн чоң ишкерлерди жана ишканаларды өстүрүшүбүз керек. Тендер бизге ылайыктуу болбой жатат.
— Бул процедурада маалыматтык технологияларды колдонуу менен өнүктүрсө болот беле? Өнүккөн мамлекеттерде мындай тажрыйба барбы?
— Маалымат технологиялары бизге жакшы курал болот. Аны да жөнөкөйлөтсөк болмок. Чыгыш экономикасынын Батыштан озуп кеткен себеби — тендерди алар өз схемасы менен пайдаланышкан. Муну 1950-60-жылдары мыкты өнүккөн Япония баштап, андан башкалар үйрөнүшкөн. Япондор тышкы экономикада чоң корпорациялар роль ойной турганын түшүнүшкөн. Англиялык, германиялык ири компаниялар өз убагында алдыга кетип калышкан. Япония согуштан кийин утулуп, алсырап, булардын чоң компанияларын америкалыктар жаап салышат. Ошондон кийин япон өкмөтү "эгер экономиканы көтөргүбүз келсе, илимий-техникалык ири компанияларды өстүрүшүбүз керек" деген фискалдык саясат жүргүзө баштаган. Сингапур, Таиланд, өзгөчө Түштүк Кореянын президенти Samsung, Hundai, Daewoo өңдүү чоң-чоң корпорацияларды атайын өнүктүргөн. Булар максатына жетишти. Ошол себептен ушундай реформалык стратегия керек деген негизде "мамлекеттик сатып алуу" мыйзамынын өзгөрүшүнө позитивдүү карап жатам. Мамлекет мындай компанияларга салык жагынан гана жардам бербестен, атайын өстүрүшү керек.
Ушундай корпорациялар эле жаңы иш орундарын пайда кылат. Булар мамлекетке чоң-чоң салык төлөшөт. Өлкөгө экономикалык өсүш алып келет. Мында деле коррупционерлер бир жыртык таап чыгары белгилүү, бирок баары бир фермерлерди, компанияларды ирилештирүү керек. Жаман жери — мыкты өнүккөн компаниялар акчасын сыртка чыгарып кетиши мүмкүн. Ошол себептен Түштүк Корея компания ээлерине акчасын сыртка чыгарбай, мамлекеттин гүлдөшүнө жумшоо шартын койгон. Алар азыр өкмөттүн тапшырмасы менен акчасын ар тармакты өнүктүрүүгө жумшайт. Корейлер абдан патриот экен. Бирок президент тарабынан да көзөмөл жана түшүнүү менен мамиле жасалган.
Сүйлөшүүлөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Тендер толук жоюлдубу? Жаңы мыйзамда эмне өзгөрүп, кандай шарттар коюлган
Жаңылыктар түрмөгү
0