Төшөктө жаткандарды баккан "жаркылдак" Гүлнара Сагыналиева: байланып калдым

Жазылуу
Эксклюзив
Сагыналиева кароого муктаждарды кадимкидей эле көтөрүп барып жуундурарын айтат. Тамагын берип, кийим-кечесин алмаштырып, кээде китеп да окуп берет. Муну менен ал сооп алып жатам деп эсептейт.
Бишкектеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесиндеги "Мээримдүүлүк үйү" бөлүмүндө санитар болуп иштеген Гүлнара Сагыналиеванын жумушу менен тааныштык. "Мээримдүүлүк үйүндө" ушул тапта 21 адам жатат. Басымдуу бөлүгүнүн колу да, буту да иштебейт, айрымдары башын төшөктөн көтөрө албайт.
Сагыналиевага алардын колу, буту, кээде курбу, досу болууга туура келет. Маектешимдин көп күчтү талап кылган жумушунда кабагым-кашым дебегендиги, тескерисинче, ишке шайдоот, күлүп, ырдап, бийлеп келгендиги суктандырды. Гүлнара Сагыналиеваны мекеменин жашоочулары "жаркылдак" деп аташат.
"Менин болгон мүнөзүм ушундай, жумушка кирип келгенде эле карылар менен учурашам, кучакташам, айрымдары менен ырдайбыз, бийлеп да жиберебиз. Андан кийин өзүм иштеген бөлүмгө кирем, мында төшөктө жаткандар болгондуктан баарына барып учурашып, абалын сурайм. Кийим, төшөктөрүн карайм, алмаштырыш керек болсо алмаштырып, андан кийин эртең мененки тамагын берем", — деди ал.
Сагыналиева карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө үч жыл мурун келген. Алгачкы жумуш күндөрүндө тагдыры оор карыларды, төшөккө жипсиз байлангандарды көрүп чыдай албайм го деп ойлогон.
"Ошол учурда Ариет деген бала бар болчу, коляскада отуруп бийлеген кишидей эле силкине берет экен. Жашын сурасам 22де дешти. Баламдай болгон бала экен деп көпкө карадым, жүрөгүм эзилди. Ошондо булар бизге муктаж экен да, мен буларды карашым керек экен деп ойлондум. Кадимкидей эле көтөрүп алып барып жуунтам, чачтарын тарайм, тамагын берем. Ушул жумуштарды жасап жатканда аларга байланып калганымды байкайм. Чоң бир соопчулук иш жасап жатам деп ойлоном", — деди Сагыналиева.
Ал "Мээримдүүлүк үйүндө" жаткандар кээде жакындарын күтүп санаа тартышарын, андайда аларга "жакының келет" деп калп айтууга туура келген учурлар көп эле болгонун жашырган жок.
Тема боюнча:
Онкомаммолог: ракка кабылгандардын убактысын табыптар алып коёт
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0