Инвестиция, аба каттамы... Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
Жолугушууда Садыр Жапаров Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 миллион долларды түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурду.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Ошондой эле өлкөлөрдүн лидерлери транспорттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Мамлекет башчы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жогорку деңгээлде экендигин, ошол эле учурда аны жаңы тепкичке чыгарууга олуттуу потенциал бардыгын белгиледи.
"Ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык мамилелердин бекемделгенине, Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 миллион долларды түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурду. Жапаров венгер тарапка кыргызстандык студенттердин Будапештте билим алуусуна шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык айтты", — деп билдирди маалымат кызматы.
Президент Орбанды жана Венгриянын президенти Каталин Новакты ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Бул иш-чаралар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого түрткү берет деген ишенимин билдирген.
Орбан мамлекет башчыларынын жолугушуулары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берерин, учурда иш сапар каралып жатканын айтты.
"Ал Кыргызстан менен Венгрия тарыхый тамыры жалпы бир тууган өлкөлөр экенин, венгер тарап Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Экономикалык кызматташтык жаатында практикалык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, артыкчылыктуу маселелердин бири катары өлкөлөр ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын мисал катары келтирди", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Жолугушуунун соңунда тараптар жигердүү кызматташууну улантууну макулдашты.
Президент Садыр Жапаров учака отуруп жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Садыр Жапаров Өзбекстанга сапар алды. Коштоп кеткендер
Жаңылыктар түрмөгү
0