Садыр Жапаров Өзбекстанга сапар алды. Коштоп кеткендер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров учака отуруп жаткан учурда. Архив
Президент Садыр Жапаров учака отуруп жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
Сапардын алкагында өлкө башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ТМУнун декларациясын жана 2022-2026-жылдарга стратегиясын кабыл алышат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.
Саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынары кошумчаланды. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын лидерлери катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстан парламентинин төрагасы саммитке байкоочу өлкө катары көз салат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланмакчы.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Садыр Жапаров Самаркандда өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0