00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине кантип өтүү керек?

© Фото / официальный сайт КГУКИ ми. Б. БейшеналиевойБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине 2022-2023-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул материалда окууга тапшыруунун жол-жобосу туурасында кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан редакциясы абитуриенттерге факультет тандоого жардам берүү максатында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИ университети боюнча бардык маалыматтарды чогултту.

Университетке кантип өтүү керек?

Бул окуу жайга тапшыруу үчүн университет тарабынан өткөрүлгөн абитуриенттин чыгармачылык дараметин текшерүүчү экзаменден өтүү керек. ЖРТ талап кылынбайт.
© Sputnik / Акылбек БатырбековБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
Кыргызский государственный университет культуры и искусств имени Б. Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети
Факультеттер жана адистиктер

Музыка факультети

Адистиги: хор жетекчиси, мугалим. Экзамен: музыкалык дараметин жана үнүн текшерүү, адистик боюнча коллоквиум (маектешүү формасында билимди баалоо).
Адистиги: эл аспаптар оркестринин жетекчиси, мугалим. Экзамен: музыкалык жана аспапта ойноо дараметин текшерүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: фольклордук-этнографиялык ансамблдин жетекчиси, мугалим. Экзамен: кыргыз эл аспаптарында ойноо, ырдоо, эпостордон, дастандардан, айтыштардан үзүндүлөрдү аткаруу, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: эстрадалык топтун жетекчиси, мугалим. Экзамен: музыкалык аспапта ойноо, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: эстрадалык ансамблдин солисти. Экзамен: музыкалык дараметин жана үнүн текшерүү, эки-үч ырды аткаруу, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: музыка жана ыр мугалими. Экзамен: музыкалык дараметин жана үнүн текшерүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Орто атайын музыкалык билими барлар үчүн: хордун жетекчиси, эл аспаптар оркестринин жетекчиси, музыка жана ыр мугалими, эстрадалык жана үйлөмө оркестрдин жетекчиси, эстрадалык ансамблдин солисти. Дирижерлук, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамен бар.
© Фото / официальный сайт КГУКИ ми. Б. БейшеналиевойУниверситет культуры и искусств имени Б. Бейшеналиевой
Университет культуры и искусств имени Б. Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022

Театр факультети

Адистиги: драма, кино жана куурчак театрынын актёру. Экзамен: адабий чыгармалардан үзүндүлөрдү аткаруу, үн, сөз жана музыкалык-ритмикалык маалыматтарды текшерүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: театр сынчысы, мугалим. Экзамен: практикалык режиссёрлук кылуу, пьесаны талдоо, актёрлук дараметин текшерүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).

Кино жана телевидение факультети

Адистиги: телевидение жана радио режиссёру. Экзамен: сценарий жазуу, актёрдук чеберчиликти текшерүү, сюжеттүү фотоэтюд жасоо, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: кино жана телевидение оператору. Экзамен: фотоконкурс, фоторепортаж (кирүү экзамендеринде), физика жана химиядан аңгемелешүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: кино жана телевидениенин үн режиссёру. Экзамен: музыкалык дараметин текшерүү, физика боюнча аңгемелешүү, адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: адабий чыгармачылык (сценарист), мугалим. Экзамен: сценарий жазуу, актёрдук чеберчилик, коллоквиум жана диктант.
© Фото / официальный сайт КГУКИ ми. Б. БейшеналиевойУниверситет культуры и искусств имени Б. Бейшеналиевой
Университет культуры и искусств имени Б. Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022

Социалдык-маданий ишмердүүлүк факультети

Адистиги: социалдык-маданий иштер боюнча менеджер, мугалим. Экзамен: коомдук-маданий иштерди уюштуруу (жазуу), адистик боюнча коллоквиум (оозеки).
Адистиги: бий ийриминин жетекчиси, мугалим. Экзамен: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик сахна, тарыхый жана турмуштук бийлер), адистик боюнча коллоквиум (оозеки).

Сырттан окуу бөлүмү, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо

Күндүзгү бөлүмгө атайын орто же жогорку билими бар адамдар кабыл алынат. Абитуриенттер адистиги боюнча экзамендерди тапшыргандан тышкары жат жазуу (кыргыз же орус тилдеринде) жазышат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты талап кылынбайт.
Кабыл алуу бюджеттик жана контракттык негиздеги окуу формасына жүргүзүлөт.

Тапшыруу үчүн кандай документтер керек:

1.
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
2.
3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;
3.
паспорт, аскер комиссариаты тарабынан берилген каттоо күбөлүгү же аскердик билетинин көчүрмөсү;
4.
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (мурда иштегендерге).
5.
медициналык маалым кат (0-86У формасы).

Окуу баасы (сом менен):

1.
Күндүзгү бөлүм — 17 000ден 22000 сомго чейин
2.
Сырттан окуу бөлүмү — 16 000
3.
Чет элдик жарандар үчүн — 27 000

ЖОЖдун белгилүү бүтүрүүчүлөрү:

дирижёр, композитор, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов;
актриса, КРдин эл артисти Айтурган Темирова;
музыкант-комузчу, СССРдин жана КРдин эл артисти Самара Токтакунова;
музыкант, педагог, КРдин эл артисти Керим Турапов;
мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков;
обончу, ырчы, КР эл артисти Апаз Жайнаков;
UFC чемпиону Валентина Шевченко;
эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Назаренко;
эстрада ырчысы, КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова;
төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев.
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү

Дирижёр, композитор, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов

Дирижёр, композитор, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов - Sputnik Кыргызстан
1/10

Дирижёр, композитор, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Актриса, КРдин эл артисти Айтурган Темирова

Актриса, КРдин эл артисти Айтурган Темирова - Sputnik Кыргызстан
2/10

Актриса, КРдин эл артисти Айтурган Темирова

© Sputnik / Александр Федоров

Музыкант-комузчу, СССРдин жана КРдин эл артисти Самара Токтакунова

Музыкант-комузчу, СССРдин жана КРдин эл артисти Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
3/10

Музыкант-комузчу, СССРдин жана КРдин эл артисти Самара Токтакунова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Музыкант, педагог, КРдин эл артисти Керим Турапов

Музыкант, педагог, КРдин эл артисти Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
4/10

Музыкант, педагог, КРдин эл артисти Керим Турапов

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу

мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков

мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков - Sputnik Кыргызстан
5/10

мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков

© Фото / из семейного архива Жайнаковых

Обончу, ырчы, КР эл артисти Апаз Жайнаков

Обончу, ырчы, КР эл артисти Апаз Жайнаков - Sputnik Кыргызстан
6/10

Обончу, ырчы, КР эл артисти Апаз Жайнаков

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

UFC чемпиону Валентина Шевченко

UFC чемпиону Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
7/10

UFC чемпиону Валентина Шевченко

© Фото / Алексей Тихомиров

Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Назаренко

Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Назаренко - Sputnik Кыргызстан
8/10

Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Назаренко

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Эстрада ырчысы, КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова

Эстрада ырчысы, КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
9/10

Эстрада ырчысы, КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев.

Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев. - Sputnik Кыргызстан
10/10

Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев.

1/10

Дирижёр, композитор, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов

2/10

Актриса, КРдин эл артисти Айтурган Темирова

3/10

Музыкант-комузчу, СССРдин жана КРдин эл артисти Самара Токтакунова

4/10

Музыкант, педагог, КРдин эл артисти Керим Турапов

5/10

мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков

6/10

Обончу, ырчы, КР эл артисти Апаз Жайнаков

7/10

UFC чемпиону Валентина Шевченко

8/10

Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Назаренко

9/10

Эстрада ырчысы, КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова

10/10

Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев.

Окуу жайдын тарыхы

Маданият жана искусство университети 1967-жылы негизделген.
Университеттин ачылышына жана өнүгүшүнө Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова чоң салым кошкон.
Университет уюшулган алгачкы күндөрдөн тартып КРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты профессор Мукаш Абдраев, СССРдин эл артисти, профессор Сайра Кийизбаева, Кыргыз ССРинин эл артисти Насыр Давлесов, Кыргыз ССРинин эл артисти Улан Сарбагышев иштеген.
1947-жылы университетке белгилүү балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты берилген.
1993-жылы окуу жай — Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Кыргыз мамлекеттик консерваториясы болуп экиге бөлүнгөн.
Институтта бара-бара жаңы факультеттер жана адистиктер пайда болду. Университетте театр актёрлору жана режиссёрлору, кинорежиссёрлор, киноэкономисттер, телевидение жана кинооператорлор, үн режисёрлору, сценаристтер, театр сынчылары, теле жана радио режиссёрлору чыга баштады.
2014-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп өзгөртүлгөн.
Окуу жайдын ишмердүүлүгү маданият жана искусствонун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлорунда иштей турган адистерди даярдоого багытталган.

Маданият жана искусство университети тууралуу маалымат

Бүгүнкү күндө КММИУде беш факультет, 16 кафедра, 10 студия, 1118 студент (анын ичинен 118и чет элдик студенттер), 238 окутуучу (анын ичинен беш илимдин доктору, 11 илимдин кандидаты), көркөм окуу залы, окуу залы, үч китепкана, спорт залы (консерватория менен бирге) жана ошондой эле 7000 бүтүрүүчүсү (анын 16сы илимдин доктору, 12си эл жана эмгек сиңирген артисттер) бар.
Дареги: Бишкек шаары, Жантөшев көчөсү, 113.
Телефондор: (312) 57-92-70, (0705) 44-02-06, (0709) 98-61-59.
Кыргызстан эл аралык университетин студенттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Кыргызстан эл аралык университетине (МУК) кантип өтүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0