Кыргызстан эл аралык университетине (МУК) кантип өтүүгө болот?

© Фото / официальный сайт МУККыргызстан эл аралык университетин студенттери
Кыргызстан эл аралык университетин студенттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Кыргызстан эл аралык университети жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл ала баштайт. Бул материалда КЭАУга (МУК) окууга тапшыруунун жол-жобосу туурасында кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан редакциясы абитуриенттерге факультет тандоого жардам берүү максатында Кыргызстан эл аралык университети боюнча бардык маалыматтарды чогултту.

КЭАУнун Батыш кампусуна кантип тапшырууга болот

Университетте бюджеттик окуу формасы жок.
Кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү буйругу чыккан соң министрликтин сайтында 18-июлда онлайн-форматта башталды.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титулдук барагы тиркелиши керек.
Кошумча тесттен 60 баллдан жогору алган абитуриенттерге артыкчылык берилет.
Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында университетке тапшырылышы зарыл.
Кыргызстан эл аралык университетине тапшырууга керектүү документтер:
1.
ЖРТ сертификатынын оригиналы;
2.
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);
3.
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
4.
аскер комиссариаты тарабынан берилген каттоо күбөлүгү же аскердик билетинин көчүрмөсү;
5.
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ.

КЭАУнун Батыш кампусунун багыттары жана адистиктери

Бизнести башкаруу
Адистиктер:
эл аралык бизнес;
бизнес жана дипломатия (англис тилин билүү кошумча);
туризм бизнеси;
бизнестеги эл аралык логистика;
бизнес жана каржылык аналитика;
бизнестеги эл аралык мамилелер;
маркетингди башкаруу;
баалоо ишмердиги башкармалыгы.
Экономика
Багыты:
1.
камсыздандыруу;
2.
экономика жана ишкананы башкаруу;
3.
каржы;
4.
банк иши;
5.
дүйнөлүк экономика;
6.
бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
7.
санариптик экономикадагы маалыматтык технологиялар;
8.
маалыматтык технологиядагы банктык ишмердүүлүк;
9.
дүйнөлүк жана аймактык экономика;
10.
бухгалтердик эсептеги маалыматтык технология.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Багыты:
мамлекеттик сатып алуу;
мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар;
мамлекеттик башкаруу;
муу-энергетикалык ресурстарын башкаруу;
мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;
мамлекеттик жана муниципалдык каржы;
мамлекеттик мекемелердеги жана ишканалардагы көзөмөл жана ревизия.
© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Юриспруденция
Багыты:
эл аралык бизнес-укук;
улуттук жана маалыматтык коопсуздук укук негизи;
юридикалык психология;
европа мыйзамы;
чыгыш мыйзамы.
Филологиялык билим берүү
Багыты:
англис тили мугалими;
немец тили мугалими;
түрк тили мугалими;
орус тили мугалими;
чет элдик жарандарга орус тилин окутуу.
Журналистика
Багыты:
эл аралык журналистика;
телерадиожурналистика;
интернет-журналистика;
дин таануу журналистикасы;
спорт журналистикасы.
Чыгыш таануу
Багыты:
саясий өнүгүү жана Чыгыш элдеринин эл аралык мамилеси;
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тили жана адабияты;
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн дини жана коомдук илимдери;
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн экономикасы;
Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы;
түрк элдеринин саясаты жана экономикасы.
Психология
Багыты:
консультация берүү психологиясы;
бизнес-психология жана коучинг;
кризистик жана экстремалдык кырдаалдардын психологиясы;
педагогикалык психология.
Программалык инженерия
Багыты:
мультиплатформалык программалык камсыздоону иштеп чыгуу;
программалык-маалыматтык системаны иштеп чыгуу.

КЭАУнун (МУК) Батыш кампусунда окуунун баасы (сом менен)

Бакалавриат (4 жыл):
бизнести башкаруу — 45 000;
экономика — 45 000;
мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу — 45 000;
юриспруденция — 45 000;
журналистика — 45 000;
психология — 45 000;
филологиялык билим берүү — 45 000;
программалык инженерия — 45 000;
бизнес-информатика — 45 000;
чыгыш таануу — 45 000;
сэндвич программаларынын багыттары жана адистиктери
1 500 доллар;
кош диплом программалары боюнча багыттар жана адистиктер
1 990 доллар.
Магистратура (2 жыл):
юриспруденция — 50 000;
экономика — 50 000;
бизнести башкаруу — 50 000;
менеджмент — 50 000;
эл аралык мамилелер — 50 000;
информатика жана эсеп техникасы — 50 000;
журналистика — 50 000;
лингвистика — 50 000;
социалдык иш — 50 000;
психология — 50 000;
кош диплом программалары боюнча багыттар жана адистиктер
1 990 доллар.
Докторантура (РhD), кош диплом:
экономика — 1 500 евро;
бизнести башкаруу — 1 500 евро.
Университет төмөндө көрсөтүлгөн категорияга кирген студенттерге артыкчылык берет:
толук жетим;
I жана II топтогу майыптыгы бар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге;
аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан студенттерге;
көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына;
спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө;
окуунун отличниктерине;
ЖОЖдун ишмердигине чоң салым кошкондорго.
© Фото / официальный сайт МУКМеждународный университет Кыргызстана
Международный университет Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022

КЭАУнун тарыхы

Кыргызстан эл аралык университети 1993-жылы КРдин Өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана Сан-Франциско мамлекеттик университети (АКШ) тарабынан түзүлгөн. Университеттин негиздөөчүсү — Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асылбек Айдаралиев болгон.
1999-жылы университет өзүн-өзү башкаруучу автономиялык окуу жай статусун алган. 2003-жылы окуу-өндүрүш комплекси "Кыргызстандын эл аралык университети", ал эми 2017-жылы "Кыргызстан эл аралык университети" академиялык консорциуму болуп өзгөргөн. Азыр анын курамына ар кандай деңгээлдеги билим берүү, илим жана өндүрүш мекемелери кирет.
2014-жылы ЖОЖдо студенттерге европалык университеттерде окуу мүмкүнчүлүгүн берген "Кош дипломдуулук" программасы ишке кирген. Ушул максатта Болгария, Латвия, Словения, Польша, Швейцария, Түркия, Литва, Чехия, Германия, Россия жана Италиянын университеттери менен атайын келишимге кол коюлган.
КЭАУ Академиялык Консорциуму эл аралык ишмердүүлүктө активдүүлүгүн көргөзүп, билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизип, университеттер менен гана эмес, ар кайсы өлкөлөрдүн уюмдары менен кызматташууну кеңейтет. Университетте окуу жайдын евро-америкалык түзүмдөрүнүн негизинде уюштуруу структурасы түзүлгөн. Ал түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз алдынчалыгын болжолдойт жана билим жана илим тармагындагы жигердүү ишмердүүлүккө басым жасайт.
© предоставлено Центральным Госархивом КРБишкеку—137: история строительства города в архивных фотографиях
Бишкеку—137: история строительства города в архивных фотографиях - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Академиялык консорциум эл аралык ишмердүүлүктө активдүүлүгүн көрсөтүп, билим берүүнүн жана изилдөөнүн инновациялык ыкмаларын киргизип, университеттер менен гана эмес чет элдик уюмдар менен да кызматташтыкты кеңейтет.
Университеттин ректору техника илимдеринин кандидаты, профессор Елена Савченко.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Эл аралык университетинде сегиз заманбап кампус, китепкана фондунда миллион электрондук ресурс, 2000 квалификациялуу окутуучу, 14000 студент (40 пайызы чет элдиктер), үч тилде окутуу, бакалавриатта 22 багыт, 15 магистратура, 10 PhD даярдоо, диверсификациялуу өнүктүрүү боюнча студенттик жети клуб, адистештирилген үч окуу колледжи, 20 кош дипломдук программа, КМШ өлкөлөрү менен жети алмашуу программасы, чет өлкөлүк университеттер менен 200 келишим, 50 өнөктөш компания бар.

Университеттин ардактуу бүтүрүүчүлөрү:

мурунку юстиция министри Уран Ахметов;
КРдин Улуттук банкынын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун башкы директору Зуура Баяманова;
Кыргызстандагы Мамлекеттер аралык банктын өкүлчүлүгүнүн директору Айбек Осмоналиев;
мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;
мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
КРдин банктар бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы Аалы Уманкулов;
атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, ЕЭК энергетика кеңешинин мүчөсү Эмил Кайкиев;
КРдин Пакистандагы мурунку элчиси Эрик Бейшембиев;
КРдин БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева;
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов;
КРдин мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев;
КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эркин Айдит;
КРдин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев;
КРдин БАЭдеги башкы консулу Айбек Маматбеков.
© Фото / предоставлено Министерством юстиции КР

Мурунку юстиция министри Уран Ахметов

Мурунку юстиция министри Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан
1/12

Мурунку юстиция министри Уран Ахметов

© Фото / Пресс-служба НБКР

КРдин Улуттук банкынын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов

КРдин Улуттук банкынын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
2/12

КРдин Улуттук банкынын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
3/12

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
4/12

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
5/12

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

КРдин банктар бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы Аалы Уманкулов

КРдин банктар бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы Аалы Уманкулов - Sputnik Кыргызстан
6/12

КРдин банктар бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы Аалы Уманкулов

© Фото / пресс-служба МИД КР

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, ЕЭК энергетика кеңешинин мүчөсү Эмил Кайкиев

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, ЕЭК энергетика кеңешинин мүчөсү Эмил Кайкиев - Sputnik Кыргызстан
7/12

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, ЕЭК энергетика кеңешинин мүчөсү Эмил Кайкиев

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

КРдин БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева

КРдин БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева - Sputnik Кыргызстан
8/12

КРдин БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
9/12

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов

© Sputnik / Асель Сыдыкова

КРдин мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев

КРдин мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев - Sputnik Кыргызстан
10/12

КРдин мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФ

КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эркин Айдит

КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эркин Айдит - Sputnik Кыргызстан
11/12

КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эркин Айдит

© Фото / пресс-служба МИД КР

КРдин БАЭдеги башкы консулу Айбек Маматбеков

КРдин БАЭдеги башкы консулу Айбек Маматбеков - Sputnik Кыргызстан
12/12

КРдин БАЭдеги башкы консулу Айбек Маматбеков

1/12

Мурунку юстиция министри Уран Ахметов

2/12

КРдин Улуттук банкынын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов

3/12

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

4/12

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов

5/12

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

6/12

КРдин банктар бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы Аалы Уманкулов

7/12

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, ЕЭК энергетика кеңешинин мүчөсү Эмил Кайкиев

8/12

КРдин БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева

9/12

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов

10/12

КРдин мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев

11/12

КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эркин Айдит

12/12

КРдин БАЭдеги башкы консулу Айбек Маматбеков

Батыш кампусунун дареги:
Бишкек, Чүй проспектиси, 255
(0312) 61-36-46, 31-04-67
abiturient@mukr.kg
Бишкек мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Бишкек мамлекеттик университетине (БГУ) кантип өтүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0