Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Жай тургундарды атып…". Рубежныйдагы абалдан баян

© Sputnik / Виктор Антонюк / Медиабанкка өтүүЛЭРдин ички иштер министерлигин кызматкерлери Рубижное айылын жананыда
ЛЭРдин ички иштер министерлигин кызматкерлери Рубижное айылын жананыда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Талкаланган имараттар, жарылбай калган дүрмөттөр, урандыларга толгон короолор... Россиялык аскерлердин көмөгү менен Луганск Эл Республикасынын күчтөрү жакында эле картадагы стратегиялык маанилүү түйүндү – Рубежныйды ээледи.
Фронттун линиясына чейин үч чакырым, ок атуу дале токтой элек. Калаадагы кырдаал жана тургундарынын маанайына Виктор Званцев баам салган. Анын аталган шаардан репортажы РИА Новости сайтына жарыяланды.

"Өнүккөн район эле"

Кыркынчы жылдардын аягында немец жана италиялык туткундар тарабынан салынган Жеңүүчүлөр проспекти жер менен жексен болду. Куткаруучу жоокерлерге арналган эстелик жана Пионерлер ордосу гана калды.
"Бул эң өнүккөн райондордун бири эле, — деп баяндайт жергиликтүү тургун Татьяна. — Кенен, шыбы бийик салынган батирлер, парк, аттракциондор жана айлана-теребел жапжашыл эле. Азыр тегерекке көз чаптырсаң – уранды жайнайт, арасында ээлеринен адашкан ит-мышыктар каңгыйт. Айрымдарына дүрмөттөрдүн сыныгы тийген. Аларга тамак берип, жараатын дарылоого аракет кылуудабыз".
Коңшу Хмельницкий көчөсүндөгү бир короодо көгүчкөндөрдүн уясы сакталып калыптыр. "Согушка чейин 150 кушум бар эле, эми жыйырма чактысы гана калды. Аларга нандын күкүмүн чачып жүрсөм украиналык тараптан ок атылды. Эңкейке калсам ок баш кийимиме тийип өттү", – дейт жергиликтүү пенсионер Валентина.
Андан он метр нары жаңы коюлган беш мүрзө бар. Биринде төрт адам: 10 жана 11 жашар эки наристе, эркек киши жана улгайган аял жатат. Набыт болгон балдардын апасы эле бар эле. Апрелдин ортосунда ал балдарына көз салып турууну коңшуларына табыштап, суу ташыганы чыгат.
Көп өтпөй алардын кварталына сокку урулуп, дүрмөт дал алардын батирине түшөт. Мүрзө казып, наристелердин сөөгүн башка коңшулары ташышкан. "Энеси ошо менен кайткан жок, — деп кошумчалайт анын дагы бир кошунасы Олеся. — Андан алигүнчө кабар жок, кыязы, ал да артиллериянын огуна кабылган окшойт".
Шаардыктардын көпчүлүгү коңшу Старобельскиге жөнөп кетишкен. Ал жакта качкындарды утурумдук жайгаштыруу пункту жабдылган. Айрымдар жакынкы айыл-кыштактардагы тууган-туушкан жана досторунукунда баш пааналап жүрүшөт.
"Салгылаш маалында Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери мени өз үйүмдөн кууп чыгып, ал жакты ок атуучу түйүнгө айлантышты, — деп эскерет Рубежныйдын дагы бир жашоочусу Геннадий. — Россиялык наводчик болушуң мүмкүн деп менин ноутбугумду тартып алышты. Бирок менимче, бул жөн гана талап-тоноочулук. Каалагандарын тартып алып, ал тургай гараждын эшигин талкалап автомобилдерди айдап кетишти".
Буудай түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиядан бүт дүйнөнү бекер багууну талап кылышууда. Ой толгоо

Ээн калган позициялар

Жеңүүчүлөр проспектинде өрт өчүрүү кызматынын мурдагы имаратына Украина Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү жайгашкан. Кенен короого өрттөнгөн аскердик техникага толгон. Кыштан тургузулган эки кабат имараттын жарымы талкаланып калган. Кире беришине жакын кум салынган каптардан тосмо бар. Биринчи кабатынын дубалына "улуттук баатырлардын" портреттик галереясы, тагыраак, анын калдыктары илинүү турат. Ушул эле жерде "Православдык жоокердин сыйынууларынын жыйындысы" жана "Персона, күрөшчү, жол баштагыч" (Степан Бандер жөнүндө) деген брошюралар жатат.
Жер алдында – өтө тереңде бомбадан баш калкалоочу жай бар. Далистери, бөлмөлөрү көп: жуунучу бөлмө, даараткана, кампа, уктоочу, азык сактоочу жайлар бар. Полунда совет маалынан берки газдан коргоочу бет каптар, уулуу заттардын, тагыраагы, синил кычкылы (гидроцианид) толтурулган ампулалар жайнайт. Датасы 1961-жыл деп көрсөтүлгөн.
Ар кай жерде азык-түлүк, кийим-кече чачылган. Акыркы күндөрү мында чегинген жоокерлер болгон. Кетип баратышканда жер төлөнүн оозуна мина коюп кетишкен. Жер алдындагы далистер, кыязы, аскердик бөлүктөн бир топ ыраак жерге, анын ичинде "Краситель" химиялык комбинатынын территориясына чейин алып барат.
"Рубежныйда бир нече ири өнөр жай ишканасы бар, — деп түшүндүрөт жергиликтүү тургундардын бири Андрей. — Ар биринин алдында — лабиринт жол. Маселен, "Заря" комбинатынан далистер аркылуу шаардын жака-белиндеги токойго качууга болот".
Киевдеги Родина-мать монументи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
The Wall Street Journal: Украина жакында Евробиримдикке кабыл алынбайт

Тынч жаткан элге ок атып...

Дал ошол "Заря" Рубежныйда украиналык күчтөрдүн соңку бекемделген району болгон. Азыр алар бул жактан үч чакырым ары жактагы Северодонецкиде бир дөңсөөдө. Шаар ал тараптан алаканга салынгандай көрүнөт.
"Жай жарандарга ок атышууда, — дейт Андрей. — Эмнеге анткендери таптакыр түшүнүксүз. Суунун ары жагына эки жүз метр өткөндөн чочулайм. Гуманитардык жардам тууралуу үн катпай эле коеюн". Аны 7-кичирайондо таратып жатышат. Азык-түлүктү ошол жактан гана алууга болот, болбосо дүкөндөр эбак жабылган.
"Кечээ бул жакка жакын эле жерде салгылашып жатышкан, көп өтпөй дүрмөт келип түштү, — деп баяндайт жергиликтүү резервдегилер. — Комендатураны мээлештиби же жөн гана туш келди атыштыбы, ким билет. Андай да көп болот".
Октун үнү тыйылчудай эмес. Өткөн апталарда окко учкандар, анын ичинде майда балдар көп набыт болушту. Дээрлик күн сайын жарадар болгондор катталат. Көбүнесе жай жарандар...
Эки-үч күн мурун жергиликтүү тургун Бористин батирине минанын сыныгы ыргып, каалгага такалып калган. "Короонун дал ортосунда жарылды. Аскерлердин бул жактан кеткенине көп болгон. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө баары бир окшойт".
Украиналык артиллерия коңшулаш жеке курулуштардын кварталынын таш-талканын чыгарды. Бористин айтымында, ал жакта да көп киши каза болгон. Оор жагдайга карабастан Рубежныйга улам гуманитардык жардам келүүдө. Жарандар акырындап үйлөрүнө кайтууда. Өз үйүңө жетеби дешет. Анан да, эң оор учурлар эми артта калганын айтышат.
ДНРдеги аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0