Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиядан бүт дүйнөнү бекер багууну талап кылышууда. Ой толгоо

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБуудай түшүрүү. Архив
Буудай түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Батыш Россияны азык-түлүк каатчылыгына айыптай баштады. Эмитен эле британ, немец жана америкалык жооптуу өкүлдөр ачарчылык болот деп дүйнөнүн үрөйүн учуруп, бул үчүн бүт жоопкерчиликти Россияга оодарууда.
Дүйнөдөгү акыркы жагдайга баам салып, ушундай ойлорго чулганган Виктория Никифорованын кезектеги макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
"Путин ачарчылык менен бүт дүйнөнү опузалоодо", — деп жазган Newsmax америкалык маалымат ресурсу. Россияны эмнеге айыпташууда? Биринчиден, атайын аскердик операция үчүн, бул Украинадагы айдоо-себүү процессин үзгүлтүккө учуратты дешет.
Экинчиден, Азов жана Кара деңиз портторун бөгөттөөгө күнөөлөшөт. Анын айынан кемелер украиналык эгинди чыгарып кете албай жатышат. Бирок портторду иш жүзүндө украиналыктардын өздөрү бөгөттөгөн. Акваториянын бардык тилкелерине Украина Куралдуу күчтөрү мина койгон. Ал түгүл Одессанын шаардык суу жээктерин да тим коюшкан эмес. Азыр эми аларды Кара деңиз толкундары тартып, агызып отуруп кайда алпарары белгисиз.
Мындай шарттарда кандайдыр коммерциялык каттамдарды уюштуруу өлүмгө тете. Кокус кайсы бир кеме украиналык минадан улам жарылса, ал үчүн кайра Россияга кине тагышат. Ал эми атайын операция жаатында, коюлган максаттардын баары аткарылганда аны аяктоо зарыл. Бирок батыштагылар Украинаны курал менен күнү-түнү жабдып, аскердик кеңешчилерин жолдоп, украиналык армияны окутуп, фронтко аеосуз айдап турганда бул кайдан жыйынтыкталат?
АКШ жаңы эле Киевге дагы кырк миллиард доллар бөлүп, ал эми аны Владимир Зеленский миллион украиналыкты аскерге тартуу менен актоого убада кылды. Кошмо Штаттардын Украинага мамилеси соңку апта бою Вашингтон аталган өлкөдө калган жыйырма миллион тонна буудайды чыгарып кетүүнүн "жолун издеп" жатканын таамай мүнөздөп турат. Украиналыктар өздөрү кантет? Андайда Россия кол сунуп, албетте, гуманитардык жардам көрсөтөрү бышык. Ал эми батыштагылар Москвадан эмнени талап кылууда? Жер семирткич менен азык-түлүктүн бардык түрү менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну күтүшөт.
НАТОнун кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТО ондогон жылдарга алсырата турган капканга түшүп калды
Эске салсак, бүгүнкү күндө Россия — буудай жана күн карама майы менен камсыздоодо дүйнөлүк лидер, ошондой эле кант, арпа, кара буудай, жүгөрү, буурчактын түрлөрүн сыртка сатууда алдыңкы сапта. Быйыл РФтин азык-түлүк коопсуздугу үчүн 31-августка чейин азык-түлүктөрдү экспорттоого чектөө коюлган. Батышка дал ушул чектөөлөр жакпай туру. Вашингтон март айында эле Россиядан айыл чарба өсүмдүктөрү жана жер семирткичтерди "тозоктуу" санкциялардан чыгарган. Бирок аларга баары бир жетпей жатат.
"Россия өзүнүн агрессиясын сындаган өлкөлөргө айыл чарба өндүрүмдөрүн жана жер семирткичтердин экспортун токтотуу менен коркутканын коюшу керек", – деп долуланат Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Бирок эсиңиздерде болсо, өз "желдеттери" менен РФтин үч жүз миллиард долларын тартып алып, өз инвестор жана ишкерлерин коркутуп, Россиядагы компанияларын жабууга мажбурлаган дал ушул өлкөлөр эмес беле.
Зарылып турушса да батыштыктар азык-түлүк жаатындагы көйгөйлөрүн моюнга алгысы жок. Анын ордуна Азия жана Африкадагы ачарчылык темасын кайра-кайра козгоодо. Бирок алардын абалынын кейиштүүлүгү – күзүндө тамак-аш кымбаттаганда АКШда да, Европада да миллиондогон жакыр адамдар ачка каларында. Ошондо алардын жетекчилиги кантип актанат? Кайрадан россиялыктарга кине коюп, күнөөнү аларга шылтайбы? Күзгө чейин али убакыт бар, ал эми Россия камсыздап келген азыктар дүйнөлүк рынокто абдан тартыш. Америкалыктардын пикиринде Москва "азык-түлүктү өз куралына айландырды". Буга чейин ушундай эле ойлор мунай менен көгүлтүр от, кийин көмүр жана отунга карата да айтылганы маалым.
Атомдук электростанция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Европаны Россиядан газдан да көбүрөөк көз каранды кылчу тармак аталды
Россия келишимдеги өз милдеттеринин баарын так аткаруу менен батыштагыларды азык-түлүк менен камсыздап келген. Бирок алар ойго келгис санкцияларды киргизип, иш жүзүндө РФ менен Батыштын каржылык байланышын үзүп салганга чейин барышты. Эгер Россия аларга азык-түлүк, жер семирткич жөнөтсө, акысын ала албай калуу тобокелдиги бар. Ал эми кайсы бир мамлекет РФ менен так эсептешкиси келсе Вашингтон каалаган убагында ал өлкөгө да каршы экинчи катардагы санкцияларды киргизип коюшу толук ыктымал.
РФ президенти Путин тарабынан кол коюлган кастарын тиккен мамлекеттердин тизмеги Россия өзүнүн болочок экспорттук саясатын акылга сыярлык жүргүзөрүн айгинелеп турат. Россия адегенде өзүнө көзү түз өлкөлөргө экспорттоору турулуу.
Батыштагылардын саясаты азык-түлүк рыногун азыркыдай олку-солку абалга кептеп койду. Эгин ушунчалык ыкчам ыргакта кымбаттоодо. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр дүйнөдөн тездик менен обочолонууда. Жакында эле Индия буудайды экспорттоого чектөө киргизди. Аталган мамлекет кыйноого салган санкцияларга кабылбаса да өкмөтү рыноктогу абалды туюп, калкына кам көрүүгө ашыкты. Анан да быйылкы кургакчылык индиялыктардын зээнин кейитип турат.
Айтор, дүйнөлүк экономикада ушундай кызык абал жаралууда. Бул багыттагы тарыхта азык-түлүк мынчалык арзан болгон эмес, анан да дүйнөлүк агропром планетадагы мынчалык көп адамды баккан учур катталбаган. Анан эле пландалган каатчылыктардын үстөккө-босток келишинен улам тамак-аш өтө тездик менен кымбаттап, ал эми болбогон жерден эле рынокто таңсыктык түзүлүп калды.
Дүйнөгө РФтен тезинен бир нерсе керек жагдай азыр. Бири буудай, кай бири күн карама майы, дагы башкасы мунай, экинчилерине көгүлтүр от зарыл болуп турган учур. Россия дүйнөлүк чарбада чындап өзүнүн сырьелук оюгун таап бекем ээлеп калгандай...
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0