Жасалма мөңгү. Адистер Кыргызстанда суу көйгөйүн чечүү жолдорун айтты

© Фото / предоставлено Национальной Ассоциацией пастбищепользователей Кыргызстана "Кыргыз Жайыты"Жасалма мөңгү
Жасалма мөңгү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Жазылуу
Кыргызстанда алгачкы жасалма мөңгү 2019-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында тоңдурулганы белгилүү болду. 2021-жылы алардын саны 11ге жеткен.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кургакчылык учурунда сугат көйгөйүн кантип чечсе болорун Sputnik радиосунун эфиринде жасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев менен окумуштуу гляциолог Рыскул Усубалиев айтып берди.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда алгачкы жасалма мөңгү 2019-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айлында тоңдурулган. 2021-жылы алардын саны 11ге жеткен. Быйыл дагы 20 жасалма мөңгү тоңдуруу пландалууда.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев
Создатель искусственных ледников Абдималик Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев
"2019-жылы суу тартыштыгы жаралып, мен непалдык адистер менен байланышып калдым. Алар мурда сууну тоңдуруп койчу шайманды жасап чыгышкан. Биздин шартта кышкысын жерден атырылып турган фонтан жасоо керек. Ал акырындык менен тоңуп отуруп, мөңгүгө айланат. Жерге-Тал айылынын тургундары менен каражат таап, суу түтүгүн алып, муз тоңдурганбыз. Анын суусу айыл элине июнь айынын ортосуна чейин жетип берди", — деди Эгембердиев.
Окумуштуу Рыскул Усубалиевдин айтымында, мындай жол менен тоңдурулган муздар чындап эле жер-жерлерде суу тартыштыгын жоюуга жардам берет жана экологиялык жактан айланага зыянын тийгизбейт.
© Sputnik / Асель СыдыковаГляциолог Рыскул Усубалиев
Гляциолог Рыскул Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Гляциолог Рыскул Усубалиев
Адистер берген маалыматка карганда, алгачкы жасалма мөңгүнүн бийиктиги 25 метрге жетип, 10 миң куб метр суу топтогон. Учурда алардын көлөмүн 20 миң куб метрге жеткирүү пландалып жатат.
Тоолуу аймактагы көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
ӨКМ: Кыргызстанда мөңгүлөр көп эрип, коркунуч жараткан көлдөр 11 эсеге өстү
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Окумуштуу: Токтогул суу сактагычындагы абалды мөңгүлөр гана жөнгө сала алат
Жаңылыктар түрмөгү
0