ӨКМ: Кыргызстанда мөңгүлөр көп эрип, коркунуч жараткан көлдөр 11 эсеге өстү

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоолуу аймактагы көл. Архивдик сүрөт
Тоолуу аймактагы көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, 2016-жылы 1-категориядагы кооптуу көлдөрдүн саны 33 болсо, быйыл алардын саны 367ге жетти.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда жырылып кетүү (жантайыңкы тарабы - ред.) коркунучу бар бийик тоолордогу көлдөрдүн саны 33төн 367ге жетти. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөрүп жаткан жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
"2016-жылы 1-категориядагы кооптуу көлдөрдүн саны 33 болсо, быйыл алардын саны 367ге жетти", — деди министр.
Анын айтымында, мунун негизги себеби климаттык өзгөрүүлөр, тагыраагы, мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы.
Италиялык окумуштуу Марк Зебиш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Кыргызстандын климатын изилдеген Марк Зебиш: мөңгүлөр бир чакырымга кыскарган
Жаңылыктар түрмөгү
0