Борбор Азияда жарыктын жапырт өчкөн себеби айтылды. Казакстандын жүйөсү

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлект зымдары. Архив
Элект зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
2022-жылдын 25-январында саат 11:59да Өзбекстанда чукул туташуудан улам Сыр-Дарыя ГЭСинде алты энергоблок өчкөн.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. KEGOC компаниясы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин атаганын Sputnik Казакстан жазды.
Эске салсак, 25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасында алгачкы жолу масштабдуу өчүрүү болгон.
Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 25-январында саат 11:59да Өзбекстанда чукул туташуудан улам Сыр-Дарыя ГЭСинде алты энергоблок өчкөн. Жалпы жонунан генерацияда жоготуунун көлөмү 1 500 МВтка жеткен.
"Өзбекстандын энергосистемасында жаралган кубаттуулуктук таңсыктыгы Казакстандын энергосистемасынан эскертүүсүз кубаттуулуктун алынышын шарттаган. Казакстандын энергосистемасы Өзбекстан жана Кыргызстандын системасы менен параллель иштейт. Натыйжада 500 кВ "Казакстандын Түндүк — Чыгыш — Түштүк" транзитине күч келген", — деген компания.
KEGOC жарыктын өчүрүлүшүнө майнерлердин ишмердүүлүгү себеп болду деген маалыматты четке каккан.
Эске салсак, буга чейин "Стратегиялык иштеп чыгуу борбору" фондунун "Отун-энергетика комплекси тармагындагы экономика" багыты боюнча жетекчиси Александр Амирагян Борбор Азиядагы энергошакекчеден чыккан аварияга криптовалюталардын майнинги да себеп болушу ыктымал экенин билдирген.
KEGOC — электр түйүндөрүн башкарган казакстандык компания.
Жогорку вольттуу электр линиясынын мачтасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0