Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп

© Sputnik / Илья НаймушинЖогорку вольттуу электр линиясынын мачтасы
Жогорку вольттуу электр линиясынын мачтасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Кечээ Борбор Азиянын үч мамлекетинде электр жарыгы өчүп, кийин энергетиктер Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды бириктирген энергошакекчеде авария болгонун айтты.
25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасында болгон авария карапайым калкты гана эмес, энергетиктерди дагы таң калтырды. Адистер мындай окуя үч мамлекеттин тарыхында биринчи жолу болуп жатканын айтышты.
Кечээтен бери сөз болуп жаткан энергетикалык шакекче деген эмне? Ал кантип иштейт жана канчалык маанилүү? Кыргызстандын андагы ролу кандай? Андан чыгып кетсе болобу? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik редакциясы адистерге кайрылды.
Энергошакекченин маани-маңызын ардагер энергетик Чоробай Акунов жана Орто Азия боюнча гидроэнергетика эксперти Эрнест Карыбеков түшүндүрүп беришти.

Тарыхы

Энергошакекче Советтер Союзу учурунда түзүлгөн. Башында анда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан тышкары Түркмөнстан менен Тажикстан дагы бар эле. 1990-жылдары Түркмөнстан бөлүнүп чыгып, Иран жана Грузия менен иштешип кеткен. Андан кийин Тажикстан өз алдынча болууну чечкен.

Шакекче эмнеге түзүлгөн?

Негизги максат электр энергиясын эффективдүү пайдалануу болгон. Мисалы, Казакстандын түштүгүндө энергияны иштеп чыккан станциялар дээрлик жок болуп, бардыгы түндүк жагында жайгашкан. Аны ташып келгиче ортодо жоготуулар көп болгондуктан ордуна Токтогул ГЭСинен электр энергиясы берилип турган. Өзбекстанда ири станциялар көп болуп, Кыргызстандын түштүгүнө ал жактан алганы ыңгайлуу эле.
Орто Азия боюнча гидроэнергетика эксперти Эрнест Карыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Радио
Эксперт энергетикалык шакекчедеги Кыргызстандын ордун түшүндүрүп берди

СССР тараган соң шакекченин тагдыры кандай болгон?

Советтер Союзу ураганда ар бир мамлекет энергетика жаатында дагы өз алдынча болууга аракет кылган. 2000-жылдары Өзбекстан менен Казакстанда энергетикалык кризис болуп, Кыргызстан үч жылга шакекчеден чыгып кеткен. 2011-жылы Борбордук Азиянын энергетиктери чогулуп, бирдиктүү энергетикалык системадан чыгуу эч кимге пайда алып келбесин айтышкан. Анда керектүү учурда мамлекеттер бири-бирине каралашып туруу үчүн кайрадан шакекчеге кошулуу чечими кабыл алынган. Былтыр Кыргызстан Түркмөнстандан Өзбекстан аркылуу дал ушул шакекче менен электр энергиясын алып турду.

Энергошакекче кантип иштейт жана жарык эмнеге өчтү?

Энергетикалык шакекче 500 киловольттук линиядан туруп, бир учурда 740-750 мегаватт кубаттуулукту өткөрөт. Мындан көбөйүп кеткен учурда автоматтык түрдө өчүп же айрым станциялары иштен чыгат. Кечээ үч өлкөнүн биринде энергетикага болгон талап күчөп кеткендигине байланыштуу Борбор Азиянын көп бөлүгү бир канча убакыт жарыксыз калды.
Кыргызстан шакекчеде турганда ал аркылуу Токтогул ГЭСинен электр кубаты Өзбекстанга өтүп, Казакстандын ГЭСтери аркылуу биздин республиканын түндүгүнө келет.
Майнинг ферма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Эксперт: Борбор Азиядагы ири аварияга майнинг себеп болушу мүмкүн

Азыр энергия кантип таратылып жатат?

Учурда ар бир мамлекет өзүнүн ички линиялары аркылуу электр тогун таратууда. Мисалы, Кыргызстанда "Датка — Кемин" жана "Токтогул — Фрунзе" линиялары бар. Шакекче оңдолгондо кайрадан мурдагы тартипке келтирилмекчи.

Кыргызстан шакекчеден чыгып кетсе эмне болот?

Кыргызстан бирдиктүү энергетика системасынан чыгыш үчүн өлкө ичиндеги энергетикалык коопсуздугун бекемдеши керек. Ал үчүн линиялар жана жетиштүү кубаттуулук зарыл. Учурда энергия тартыштыгы болуп жаткандыктан Кыргызстанга шакекчеден чыгуу пайдалуу эмес. Өзгөчө кышкысын республика өзүн-өзү жарык менен камсыздай албай калышы мүмкүн.
Энергетиктердин айтымында, ушул тапта Кыргызстанда линиялар боюнча көйгөй жок. Жогоруда айтылган "Датка — Кемин" жана "Токтогул — Фрунзе" линиялары Кыргызстандын кайсы бурчуна болсо дагы жарыкты жеткире алат. Учурдагы негизги көйгөй — кубаттуулуктун аздыгы. Кубаттуулуктун жетишсиздигинен улам республика аталган шакекчеде болууга аргасыз. Тартыштыкты жоюу үчүн кошумча ГЭС жана ТЭЦтер курулушу керек. Ошондо шакекче резерв катары гана колдонулуп калат.
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Бекмурзаев: Борбор Азиянын тарыхында бүгүнкүдөй ири авария болгон эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0