Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтикул уулу: наркологияга баруудан баш тарткан айдоочуга да айып салынат

© Sputnik / Асель СыдыковаПресс-секретарь УПСМ по ГУВД Бишкека Байказы Айтикул уулу
Пресс-секретарь УПСМ по ГУВД Бишкека Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза катаалдаганын белгиледи.
Наркологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан айдоочуларга 17 500 сом айып салынат. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Айтикул уулу: наркологияга баруудан баш тарткан айдоочуга да айып салынат
Анын айтымында, наркологиядан мас экени аныкталса соттун чечими менен жоопкерчилиги каралат.
"Жаңы кабыл алынган Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 1-2-пунктуларына ылайык, айдоочунун мастыгы наркологияда тастыкталса 17 500 сом өлчөмүндө айып каралган. Ошол эле учурда ал наркологиялык экспертизадан баш тартса кошумча 17 500 сом айып салынат. Ушул 193-берененин 5-пунктуна ылайык, эгерде айдоочу бир жылдын ичинде мас болуп кайра кармалса, анда 20 000 сом айып салынат же 30-40 саат коомдук жумушка тартылат. Ошондой эле 3-5 сутка камакка алуу нормасы киргизилген. Мунун баары соттун чечими менен ишке ашат. Ал эми процедурасы: мас айдоочу аныкталганда алгач наркологиялык экспертизадан өткөрүлөт. Эгерде анын спирт ичимдигин ичкени аныкталса, унаасы айып короого токтотулат. Айдоочу нөөмөт бөлүмүндөгү укук бузуулар тууралуу бирдиктүү реестрдин автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу текшерилет. Эгер мурда да мас абалында кармалган болсо, ал ошол аймактагы милиция бөлүмүнө жеткирилет. Андан соң сот өз чечимин чыгарат. Мурда айдоочу мас болуп кармалса унаасы айып аянтчага коюлуп, өзү үйүнө жөнөтүлчү. Эртеси айыптарын төлөп унаасын чыгарып кете берчү", — деди Айтикул уулу.
Ошондой эле айдоочу мас абалында кырсыкка кабылган учурда жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодексине ылайык карала турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0