00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Момбеков да жарыштан четтейби? УКМК анын жасалма диплом алганын кабарлады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Рыскелди Момбеков. Архив
Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Талапкердин диплому жасалмаланганы туурасында бир жарым жыл мурун УКМКга мурдагы аткаминер Бакыт Шаршембиев кайрылган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Социал-демократтар” партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков жасалма диплом алган деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев БШКга маалымат берди.
Анын айтымында, Момбеков Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуганы тууралуу диплому жасалмаланган. Ал документтин негизинде Дипломатиялык академиядан “эл аралык мамилелер” адистигин сырттан окуп экинчи дипломун алган.
УКМКнын тергөөчүсү 2020-жылдын мартында Бакыт Шаршембиев депутаттын жасалма диплом менен жүргөнүн айтып, ага чара көрүүнү суранып арыз жазганын белгиледи. Ошол эле маалда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
“Тергөө тарабынан Кыргыз улуттук университетине 2020-жылдын март айында Рыскелди Момбековдун дипломун тастыктоо үчүн сурам жиберилген. Анда ал 1997-жылы тапшырып, 2003-жылы бүткөндөрдүн арасынан чыккан эмес. Дипломдогу каттоо номери Михаил Стародубовдун документинен чыгууда. Аталган окуу жайдан Момбековго диплом берилген эмес”, — деди УКМКнын тергөөчүсү.
Талапкер 2011-жылы 19-октябрда экинчи жогорку билимди алыш үчүн биринчи дипломунун негизинде тездетилген программа менен бүткөн.
“УКМКнын материалдары Момбеков жасалма дипломду колдонуу менен Дипакадемияны аяктаганын күбөлөндүрөт. Учурда бул иш иликтөө стадиясында турат, талапкерге айып тагыла элек”, — деди Жаналиев.
Ал эми “Социал-демократтар” партиясынын өкүлү бул боюнча маалыматты бүгүн гана угуп жатканын айтып, таанышып чыгып тийиштүү документтерди чогултууга убакыт берүүнү сурады.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди
Ошондой эле ал былтыр октябрь окуясында Момбековдун кабинетине кирип сейфин талкалап, дипломатиялык паспорту менен дипломун алып кетишкенин, андан соң таап берүүнү өтүнүп ИИМге да арыз жазганын билдирди.
Момбеков талапкер катары катталып жатканда Дипакадемиядан алган дипломун көрсөткөн.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК буга чейин биринчи дипломун сурап бир нече ирет кайрылышканын белгиледи. Партиянын өкүлү ал боюнча эч бир расмий кат келбегенин айтты.
БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов талапкер белгиленген убакытта бардык документти алып келиши керектигин айтып, УКМК фактыны көрсөтүп жаткандан кийин чечим кабыл алууга чакырды.
Бирок кесиптеши Узарбек Жылкыбаев шашылбай туруш керек деген пикирин ортого салды.
© Sputnik / Асель СыдыковаБШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев
Член ЦИК КР Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев
“Шайлоо мыйзамында “жогорку билимин тастыктоочу документ болушу керек” деп жазылган. “Биринчи же экинчи дипломун көрсөтсүн” деген норма жок. Андыктан тергөө бүтүп, сот чекит койсун. Андан кийин деле карап, талапкерлигин алып коюу укугубуз бар. Эгер азыр чечим кабыл алсак, шайлоодон кийин соттон диплому жасалмаланбаганын далилдеп келсе эмне болот. Андыктан шашпай, талапкердин өзүн да чакырып угалы”, — деди Жылкыбаев.
Аткаминер соттун залында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жасалма диплом жасатып, чырга аралашкан жетекчилер менен депутаттар
Анын пикирин кесиптеши Кайрат Маматов да колдоду.
Натыйжада БШК эртең Рыскелди Момбековдун өзүн да чакырып, бардык документтерин алып келсе маселени кайра карамай болду.
Белгилей кетсек, жогорку билими жок жарандар парламенттик шайлоого катыша албайт.
Талапкер дипломун жасалмалаганын айтып УКМКга кайрылган Бакыт Шаршембиев 2018-2019-жылдары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Буга чейин да ал Момбековду жалган маалымат тараткан деп 1 миллион сомдук доо койгон. Бирок Сокулук райондук соту 25 миң сом айып салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0