Жылкыбаев Узарбек Казиевич. Өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Узарбек Жылкыбаев. Архив
Депутат Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында төрөлгөн.

1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер багыты боюнча билим алып аяктаган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2001 — Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы
  • 2001-2002 — "Бишкек" арак заводунун продукцияларын сатуучу
  • 2002 — Бишкек мэриясынын 1-категориядагы адиси
  • 2004-2008 — Бостери айылдык кеңешинин депутаты
  • 2005 — "Инвест-Радуга" жоопкерчили чектелген коомунун менеджери
  • 2005-2008 — КР президентинин Иш башкармалыгынын "Ысык-Көл — Аврора" санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы
  • 2007 — Ысык-Көл облусунун жаштарынын коомдук бирикмеси ассоциациясынын төрагасы
  • 2008-2012 — райондук кеңештин депутаты, Ысык-Көл райондук кеңешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
  • 2011-2013 — КРдин Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү
  • 2013 — "Кыргыз деңизи" санаторийинин филиалынын директору
  • 2015 — Ысык-Көл облустук Эркин күрөш федерациясынын президенти
  • 2015-жылы октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген
  • 17.03.2017 — 25.07.2018 — КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 2018-жылдын 25-июлунан тарта КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. 

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0