Билими:
1998 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин инженер-конструктор адистиги боюнча аяктаган;
2009 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономика адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1998 – 2003 — "Кыргызтелеком" ААКтын өндүрүш лабораториясында электромеханик-инженер;
2003 – 2004 — "Кыргызтелеком" ААКтын Сокулук районундагы бөлүмүнүн директор орун басары;
2004 – 2005 — "Кыргызтелеком" ААКтын Москва райондук бөлүмүнүн директор орун басары;
2005 – 2009 — "Кыргызтелеком" ААКтын Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы;
2009 – 2010 — "Кыргызтелеком" ААКтын Бишкек шаардык телефон тармагынын коммерциялык директору;
2010 – 2011 — "Кыргызтелеком" ААКтын Ысык-Көл облусундагы филиалынын башкы директорунун орун басары;
2011 – 2014 — "Кыргызтелеком" ААКтын Ысык-Көл облусундагы филиалынын башкы директору;
2014 – 2015 — "Кыргызтелеком" ААКтын РПО РМТР биримдигинин башкы директору;
2015 – 2016 — "Кыргызтелеком" ААКтын башкаруучулугунун төрагасы;
2016 – 2017 — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
20.04.2018 – 21.05.2019 — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.