Путин Украина аркылуу өткөн газдын транзит милдеттенмелерин сактоого сөз берди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Путин кеңешмеде орус-украин мамилелериндеги бүгүнкү татаалдыкка карабай Украинаны да кыйын кырдаалга кептебеш керектигин баса белгилеген.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россия тарап Украина аркылуу Европага өткөн газдын келишимде жазылган транзит боюнча милдеттенмелерин толук аткарышы керек. Бул туурасында президент Владимир Путин энергетика боюнча кеңешме учурунда айткандыгын РИА Новости жазды.
"Биринчиден, эч кимди, анын ичинен орус-украин мамилелериндеги бүгүнкү татаалдыкка карабай Украинаны да кыйын кырдаалга кептебеш керек. Экинчиден, "Газпромго" бардык алакалардагы ишенимдүү өнөктөш катары зыян келтирбеш керек", — деген президент.
Берилген тапшырмаларды аткарууну көзөмөлгө алуу милдетин лидер энергетика министри Николай Шульгиновго тапшырды.
Мамлекет башчынын айтымына караганда, "Газпром" Украинага көлөмдү азайтканы үчүн айып пул төлөп берүү, бирок алардын аймагы аркылуу өтпөгөн жаңы куурлар системасы менен сордуруп чыгууну көбөйтүү компанияга пайдалуу деп чечишкен.
"Бирок мен муну жасабагыла деп суранат элем. Транзит боюнча келишимдик милдеттенмелерди сакташ керек", — деп кошумчалаган Путин.
Англиядагы Drax көмүр электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Кыш камылгасы Европаны кыйсыпыр түшүрүүдө. Көмүрдүн баасы асман чапчыды
Кеңешмеде президент заманбап жабдууларды пайдаланып, жаңы куурлар менен Европага газ берүү абага CO2 затын 5,6 эсеге аз бөлүп чыгарууну шарттай турганын жана сырьёну күчтүүрөөк басым менен сордуруп алуу мүмкүнчүлүгүн түзмөктүгүн белгиледи.
Путиндин айтымына караганда, Украинанын газды жеткирүү системасы аркылуу транзитти көбөйтүүгө болот, бирок ал "Газпромго" чыгым тарттырат. А негизи жаңы инфраструктураны пайдалануу жылына үч миллиард долларды үнөмдөп калууга шарт түзмөк.
"Заманбап жабдуулар менен сордурганда жаңы куурлар колдонулат, басымды арбытууга жакшы мүмкүнчүлүк. Муну Украинанын газ жеткирүү системасы боюнча жасоого болбойт. Себеби ал ондогон жылдардан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, кайсы убак болбосун жарылып кетиши мүмкүн, бул нерсе өзүнүн кесепетин тийгизет", — деген президент.

Көмүртек нейтралдуулугу

Президенттин кеңешмесинде "Интер РАО" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Борис Ковальчук көмүртек нейтралдуулугу жаатында "Германияда жылдын жыйынтыгы менен алганда көмүр менен иштеп чыгуу энергетикалык тең салмактуулуктун 27 пайызын, ал эми Россияда 13 пайызын" түзөрү туурасында маселени көтөрдү.
"Сиз туура суроо бердиңиз, эгерде Европада, тагыраагы, Германияда энергетикалык тең салмактуулук көмүр генерациясы жаатында Россияга караганда эки эсеп көп болсо, көмүртек нейтралдуулугу менен кантип күрөшүү керек. Көрсө, болот экен, муну алар жасап жатышат. Айтайын дегеним, европалыктар муну башкалардын эсебинен кылышууда. Азыркы учурда алар муну биздин, Россиянын, эсебинен жасоого аракеттенип жатышат", — деди Путин.
Ал энергетика боюнча дүйнөлүк рынокто бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен диалог болот деген үмүтүн билдирди.

Биржадагы баалар учурдагы абалды чагылдырган жок

Түндүк агым – 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
"Украинадан чарчап бүтүшкөндөй". "Түндүк агым – 2" айланасындагы кырдаал

Кеңешменин катышуучулары Европадагы газдын жогору баада болуп жаткандыгы туурасында да кеп кылышты. Вице-премьер Александр Новактын айтымына караганда, биржадагы баалар учурдагы абалды чагылдырган жок. Ал баанын алгачкы ирет көтөрүлүшүнө ал жакка АКШнын суюлтулган жаратылыш газын багыттагандан кийинки Латын Америкасындагы аптаптуу жай таасир эткендигин түшүндүрдү. Бул башка рыноктор үчүн чийки заттын тартыштыгына алып келди. Европада жер алдындагы кампалардагы запастын жетишсиздиги былтыркы жылга салыштырмалуу 25 миллиард куб метрдин тегерегинде деп бааланууда.

"Албетте, мунун баары өтө олуттуу факторлор, бирок мен кызыл кулактык да бүгүн бааларга таасирин тийгизип жатат деп ойлойм. Бул жерде, кыязы, биржадагы оюнчуларды иликтеп чыгыш керек окшойт, себеби учурдагы баалар азыркы абалды объективдүү чагылдырбайт", — деген Новак.
Путин Россия спекуляциялык суроо-талап жана ызы-чууну басуу үчүн сунушту көбөйтө аларын айтып, бирок муну Европадагы спот рыногунда эмес, Санкт-Петербургдагы биржада жасоо керектигин белгилеген.
Германиядагы Түндүк Агым-2 газ түтүгүнүн кургактыктагы объектилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
"Созулган оюн". Сенаторлор "Түндүк агым-2" долбоорунун айынан соодалашканда
"Жалпысынан алганда газдын биржалык соодасы өтө майнаптуу деле эмес. Себеби кооптуулугу арбын, бул саат, ич кийим же галстук сатып алуу эмес. Машина да, ал тургай өндүрүп туруп, рынокто баасы ылайыкташып калганда сатып жиберем деп танкерлерге же кайсы жерге болбосун сактап коё ала турган нефть да эмес. Газ деген минтип сатылбайт, аны сактап турууга да болбойт", — деп кошумчалаган мамлекет башчы.
Путин Россия газды өзүнө зыян келгендей кылып сатпай тургандыгын айтып, бул маселени дагы бир ирет талкуулоону сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0