Жашы өткөндө дүйнөнү таңдантып, атак-даңкка жеткендер. 15 сүрөт
Жашы өткөндө дүйнөнү таңдантып, атак-даңкка жеткендер. 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Жаш өткөн сайын адам алдан тайып, акылынан кетет деген пикир калыптанып калган. Бирок мындай кептин көбү ойдон чыгарылганына биздин сүрөт түрмөктүн каармандары... 07.10.2021, Sputnik Кыргызстан
Жыйнакта карыган курагында дүйнөнү таң калтыра алган 15 киши тандалды. Алардын окуялары, басып өткөн жолу укмуштуудай. Кимдир бирөө ди-джей болуп калса, кээси миллиондорду тапкан бизнес баштаган.
Жаш өткөн сайын адам алдан тайып, акылынан кетет деген пикир калыптанып калган. Бирок мындай кептин көбү ойдон чыгарылганына биздин сүрөт түрмөктүн каармандары далил.
Жыйнакта карыган курагында дүйнөнү таң калтыра алган 15 киши тандалды. Алардын окуялары, басып өткөн жолу укмуштуудай. Кимдир бирөө ди-джей болуп калса, кээси миллиондорду тапкан бизнес баштаган.
Нельсон Мандела — түштүк африкалык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейин Түштүк Африканын президенти; апартеид мезгилиндеги адам укуктарын коргоо жаатындагы эң атактуу активисттердин бири болгон. Бул үчүн Мандела 27 жыл түрмөдө отурган. 1993-жылы Нобель сыйлыгына татыган.
Модель Филипп Дюма — 2015-жылы 60 жашында жашоосунун жаңы барагын ачып, карьерасын баштаган. Анын модадагы белгиси болуп калган сакалы менен мурутун так ошол кезде өстүргөн.
Сильвия Уэйнсток 52 жашында бала бакчадагы тарбиячы кызматын таштап, өзү сүйгөн таттууларды жасоону чечкен. Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң ийгиликтүү кондитер-ашпозчулардын бири.
Уинстон Черчилль 65 жашка чыкканда Улуу Британиянын премьер-министри болгон. Өкмөттү Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жетектеген. 11 жылдан соң бул кызмат орунга кайрадан келген. Тарыхта британиялык улуу адам деп таанылган.
Рут Флауэрс 68 жашка таяп, кемпир болгон куракта небереси менен түнкү клубга баргандан кийин ди-джей болууну чечкен. Азыр ал айына бир нече концерт берет, атактуу ди-джейлер Tiesto жана Guetta менен иштеген.
Натуралист жана саякатчы Чарльз Дарвин тирүү организмдердин эволюциясы жөнүндөгү идеяны биринчилерден болуп негиздеген. Ал карып калганга чейин илимий эмгектерин жарыялады.
Момофуку Андо япониялык ишкер жана тез даярдалуучу кесмелерди ойлоп тапкан адам. Эң оор сыноолорго кырк жаштан ашканда туш болгон. Ошентсе да өжөрлүгү менен бай тажрыйбасы атын ааламга чыгарды.
Харланд Сандерс 40 жашында тооктун этинен тамак жасай баштап, бара-бара атактуулукка жеткен. Бирок 65 жашында рестораны чыгымга учурайт. Франшиза ачууну чечип, 10 жылдан кийин, 1964-жылы, аны эки миллион долларга саткан. Бүгүн KFC бренди бүткүл дүйнөгө белгилүү.
Блогер Лин Слейтер 60 жылдан кийин деле стилдүү көрүнүүгө болорун көп жылдардан бери далилдеп келет. Жүз миңдеген адамдар анын социалдык тармактагы баракчасына катталышкан. Слейтер таасирдүү адам болуу үчүн миң жыл жашоонун зарылчылыгы жоктугун айтат.
Анна Мэри Робертсон-Мозес "чоң эне Мозес" деген ат менен белгилүү, америкалык живопись примитивизминин негизги өкүлдөрүнүн бири болуп калган ышкыбоз сүрөтчү.