"Крым платформасы" — пайдасыз саммит. Саясат таануучунун пикири

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүСаясат таануучу жана публицист, Украинанын төрт президентинин мурдагы кеңешчиси, Жогорку раданын V чакырылышынын депутаты Дмитрий Выдрин. Архив
Саясат таануучу жана публицист, Украинанын төрт президентинин мурдагы кеңешчиси, Жогорку раданын V чакырылышынын депутаты Дмитрий Выдрин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Украинада 24-августта көз карандысыздыктын 30 жылдыгы белгиленет. Андан бир күн мурун Киевде "Крым платформасы" саммити өтүп, Украинада Крымды кайтаруу маселеси талкууланмакчы.

Бул саясий саммиттен пайда чыгабы жана эмнеге жолугушууга Россияны чакырышкан жок? Ушул ойлордун тегерегинде саясат таануучу жана публицист, Украинанын төрт президентинин мурдагы кеңешчиси, Жогорку раданын V чакырылышынын депутаты Дмитрий Выдрин Sputnik агенттигине маек куруп берди.

Мааниси жок саммит

"Крым платформасын" кооз сөздөр жана декларациялардын гана топтому деп эсептейт биздин маектеш.

"Менин жаштыгымда платформа такалуу туфлилер мода болчу, кооз, бирок ыңгайсыз. Украина лидери Владимир Зеленский биринчи кезекте иш-чаранын кооздугуна басым жасады. Саммиттин өзү мазмунсуз", — дейт Дмитрий Выдрин.

"Бул саммитте материалдык же руханий, моралдык ресурстар менен бөлүшө турган катышуучулар болбойт. Эч ким бөлүшпөйт, бирок көйгөйдү бири-бирине түртөт. Ошондуктан саммит — бул кооз, бирок маңызсыз иш-чара. Эгер маңызы болбосо, демек, формасы да бош", — дейт Выдрин.

Сайран же карнавал

Украина ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба "Крым платформасынын" түптөөчүсү катары Киевге 44 өлкө жана эл аралык уюмдар катышууну чечишкенин билдирген. Бирок Россия чакырылган мамлекеттердин тизмесинде жок.

Дмитрий Выдриндин пикиринде, РФ иш-чарага катыша турган болсо, жолугушуунун форматын өзгөртүүгө туура келмек.

Украина армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
"Ишке басым жасаган өлкөлөр бар, сөз менен чектелгендер да жок эмес. "Түндүк агым" боюнча кандайдыр оор негиздер тууралуу кеп козгой турган Россияны чакырышкан эмес. Ал эми мында сөз, убадаларда болуп көрбөгөндөй жеңилдик бар", — деп түшүндүрөт саясат таануучу.

Украина тарабынан демилгеленген кезигүүнү РФ тышкы иштер министри "Батыш азыркы украиналык бийликтин неонацисттик жана расисттик маанайын өрчүтүүнү уланта турган оюн-тамаша" деп баалаган. Sputnik агенттигинин маектеши саммитти карнавалга салыштырат.

Жек көрүүгө жасалган басым

Россиялык-украиналык алакалардын башка форматын түзүү аракети бөлүп-жарууга (дихоматияга) такалат деп санайт Выдрин.

"Россия эбегейсиз геосаясий масса катары тарыхы, лингвистикасы, генотиби бир адамдарды тартат. Бирок мындай эбегейсиз тартылуу коркунучунун айынан буга карама-каршы нерсени тартууга аракет кылган адамдар бар. Азырынча эки өлкө ортосуна чок салуудан, бирин экинчисине астыртан көкүтүүдөн бөлөк нерсе табыша элек. Жек көрүүгө түрткү болуудан башка алардын инструменти жок", — деген оюн билдирет саясат таануучу.

Акция националистов в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Радикалдарга таянган бийлик, гүлдөгөн улутчулдук. Эгемен Украинанын саясаты
Эксперт Украина бул көйгөйдү аскердик жол менен чечүүгө барбайт. "Согуш — бул абдан чоң иш, жоготуулар жана кан төгүү. Украина назик, этият категориядагы өлкөлөргө кирет, тобокелдик камтылган чоң иштердин эч биринин жоопкерчилигин алгысы жок.

Коркутуулар болот, муштумун кезегендер чыгат, бирок согуш болбойт. Бир топ өлкөлөр бүгүн жек көрүү көз карандысыздыкты сактап калуунун, ал эми иш жүзүндө бабалардан калган мурасты сактоого тырышуу менен буйрук берип, тескеп жана уурдоого да жол ача турган соңку үмүткө айланып калды", - дейт саясат таануучу.

Маекти толугу менен "Sputnik на русском" YouTube каналынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0