00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кышта УКМК сактап калган. Жапаров Инандыны кайтарууну талап кыларын билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Таджикистан
Официальный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Түркия тарап оозеки түрүндө Инанды алардын жараны экенин айтып жатканын белгилеген. Бирок расмий жоопту күтүү керектигин айтат.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кылабыз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров 24.kg сайтына берген маегинде билдирди.
Жапаров Инанды жоголору менен бардык укук коргоо органдарын чогултуп, мүмкүн болушунча тезирээк табууну жана чек араларды кылдат кароону тапшырганын айткан.
“Мен ошол эле күнү (31-майда — ред.) Орхан Инанды тууралуу кенен маалымат алгам. Көрсө аны уурдоого 2016-жылдан бери үч жолу аракет кылышкан экен. Үчүнчү аракети ушул кышта болуп, аны УКМКнын кызматкерлери куткарып калган. Инанды жана анын үй-бүлөсү бул тууралуу билген. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич (УКМК төрагасы — ред.) Инандыга жалгыз жүрбөй, ар дайым жан сакчылардын коштоосунда болушун эскерткен. Бирок ал буга көңүл бурбай койгон”, — деди Жапаров.
Сапат лицейдердин жетекчиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу
Ошондой эле ал Инандыны өлкөгө кайтарууну талап кыларын баса белгилеген. Түркияга жеткирилгени тууралуу маалыматты угары менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакырып нота берүүнү тапшырганын айтат.
“Азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрүндө Орхан Инанды Түркия жарандыгынан чыкпаганын, алардын жараны экенин билдирүүдө. Биз Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек”, — деди Жапаров.

Орхан Инандынын жоголушу

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
ТИМ Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча үн катты
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Арадан бир ай өткөндөн кийин, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0