https://sputnik.kg/20210706/tekebaev-menen-bekeshev-reakciya-inandy-1053120258.html
Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу
Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеп, бийлик тарабынан адекваттуу баа берилиши зарылдыгын белгиледи. 06.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-06T14:04+0600
2021-07-06T14:04+0600
2021-12-15T22:56+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
өмүрбек текебаев
орхан инанды
дастан бекешев
орхан инандынын бишкекте жоголушу
https://sputnik.kg/img/07e5/06/01/1052678414_2:71:1075:675_1920x0_80_0_0_9b99eed4883c2a8f0aaf3401a4472309.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жаранын уурдап кетиши өлкөнүн суверендүүлүгүнө кол салууга тете аракет. Бул тууралуу экс-депутат Өмүрбек Текебаев Facebook баракчасына жазды.Ал Орхан Инанды Кыргызстандын жараны, өлкөдөгү билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан экенин айткан.Ошондой эле ал өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеген."Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандын аймагында эркин жүрүп, кыргыз жаранын уурдап кеткени Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Ошондуктан бул окуяга кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу баа берилиши керек. Ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасашы абзел", — деди экс-депутат.Аны менен катар эртең ар бир жарандын башына ушундай каран түн түшсө, мамлекет аны таштап койбошуна ишенгендей болушу керектигин билдирди.Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Инандынын чыгарылып кетиши боюнча эртеби-кечпи кылмыш иши козголорун эскертти.Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.Арадан бир ай өткөндөн кийин, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Түркияга жеткирилгенин маалымдады.
https://sputnik.kg/20210601/orkhan-inandy-tuuraluu-faktylar-1052681426.html
https://sputnik.kg/20210609/orhan-inandy-unaasynan-tartylgan-kadrlar-1052783946.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/01/1052678414_132:0:1032:675_1920x0_80_0_0_ff7357fae64d1757f0573c3776436335.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, өмүрбек текебаев, орхан инанды, дастан бекешев, орхан инандынын бишкекте жоголушу
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, өмүрбек текебаев, орхан инанды, дастан бекешев, орхан инандынын бишкекте жоголушу
Суверендүүлүккө кол салуу. Текебаев менен Бекешев Инандынын кармалышы тууралуу
14:04 06.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) Экс-депутат өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеп, бийлик тарабынан адекваттуу баа берилиши зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жаранын уурдап кетиши өлкөнүн суверендүүлүгүнө кол салууга тете аракет. Бул тууралуу экс-депутат Өмүрбек Текебаев
Facebook баракчасына жазды.
Ал
Орхан Инанды Кыргызстандын жараны, өлкөдөгү билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан экенин айткан.
"Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени кыргыз жарандарынан кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан Конституциянын бардык редакциясында "мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргойт жана чет элге эч убакта бербейт" деген кепилдик бар", — деди Текебаев.
Ошондой эле ал өлкөнүн эгемендүүлүгү четинен кертилип сатылбашы керектигин белгилеген.
"Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандын аймагында эркин жүрүп, кыргыз жаранын уурдап кеткени Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Ошондуктан бул окуяга кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу баа берилиши керек. Ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасашы абзел", — деди экс-депутат.
Аны менен катар эртең ар бир жарандын башына ушундай каран түн түшсө, мамлекет аны таштап койбошуна ишенгендей болушу керектигин билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Инандынын чыгарылып кетиши боюнча эртеби-кечпи кылмыш
иши козголорун эскертти.
"Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча эртеби-кечпи азыркы бийликке кылмыш иши козголот. Бул Азиз Батукаевдин ишине окшоп турат. Бүгүн бийлик аларды эч ким жоопко тартпайт деп ишенип жатат. Бийликте түбөлүк отура албайсың", — деп жазган Бекешев.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент
Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча
күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Арадан бир ай өткөндөн кийин, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып,
Түркияга жеткирилгенин маалымдады.