Автокатализаторлорду сатууга жана сатып алууга тыюу салынып, айып салуу каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтокатализатор. Архив
Автокатализатор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Экология коопсуздугун көзөмөлдөй турган органга мыйзам бузгандарды айыпка жыгуу укугун берүү пландалып жатат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында автокатализаторлорду сатууга тыюу салмакчы.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Негиздемесинде айрым учуда кээ бир товарларды сатууну чектөөгө укук бериле турганы айтылат.
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2021
Өлкөнүн башкы пульмонологу Сооронбаев Бишкектеги ыш тууралуу үн катты
Мында абаны зыяндуу заттардан коргогон автокатализаторлор тууралуу сөз болууда.
Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү автоунаанын 80 пайыздайынын катализатору жок же иштебейт. Өкмөт Бишкекте ыш маселеси өтө курч турганын эскертти.
Мындан тышкары, катализатордогу палладий дүйнөдө дефицит экени кошумчаланды.
"Курамында баалуу металл бар палладийге болгон суроо-талаптын күчөшү жана баасынын өсүшү катализаторлорду унаадан чыгарып же уурдала башташын шарттайт", — деп айтылат негиздемеде.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, чектөөлөрдү экологиялык жана техникалык коопсуздукка жоопкер орган көзөмөлдөшү керек болот. Ал катализатор саткан же сатып алгандарды айыпка жыгуу укугуна ээ.
Айып пулдун көлөмү Эреже бузуулар кодексинин төртүнчү категориясына ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык тараптар үчүн 23 000 сом өлчөмүндө чегерүү каралып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0