Өлкөнүн башкы пульмонологу Сооронбаев Бишкектеги ыш тууралуу үн катты

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыш киргенде эле Бишкекте ыш, түтүн маселеси көтөрүлөрү анык. Бул көйгөй учурда абдан курчуп турат. Кыргыз коомчулугу турсун эл аралык ЖМКлар да абанын булганышына тынчсызданып тургун учуру.
Шаарды каптаган ыш ден соолукту талкалайт деп кооптонгондор көп. Sputnik агенттиги тажрыйбалуу өпкө дарыгери, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев менен кыскача маек курду.
— Кир аба менен дем алуу кимдер үчүн бөтөнчө кооптуу?
— Абанын бузулушу ден соолукка зыян келтирет деген аныктама дүйнө жүзүндө бар. Кыргызстанда бул жаатта изилдөө жүргүзүлө элек.
Ыш, түтүн жаш куракка карабай бардыгына таасир этет. Айрыкча өнөкөт оорусу барлар кыйналышат. Бизге абанын бузулганынан өзүбүздү жаман сезип, ооруларыбыз козголуп жатат деп кайрылган бейтаптар болуп жатат. Ыштын зыяндуулугу тамакенин түтүнүнө караганда бир топ жогору.
Негизи дени сак адамдар көп билбей жүрө берип, кесепетин кийин тартышы мүмкүн. Ыш өпкө фиброзун, өнөкөт бүтөлмө бронхит оорусу, аты жаман рак, жүрөк дарттары, инфекциялык эмес пневмонияны жана бир катар өпкө ооруларын чакырышы ыктымалдыгы айтылат. Боюнда барлар да кир аба менен дем алса түйүлдүгүнө таасир этет.
© Sputnik / Асель СыдыковаТалант Сооронбаев: Ыш, түтүн жаш куракка карабай бардыгына таасир этет. Айрыкча өнөкөт оорусу барлар кыйналышат. Бизге абанын бузулганынан өзүбүздү жаман сезип, ооруларыбыз козголуп жатат деп кайрылган бейтаптар болуп жатат.
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Талант Сооронбаев: Ыш, түтүн жаш куракка карабай бардыгына таасир этет. Айрыкча өнөкөт оорусу барлар кыйналышат. Бизге абанын бузулганынан өзүбүздү жаман сезип, ооруларыбыз козголуп жатат деп кайрылган бейтаптар болуп жатат.
— Демек, чет өлкөдөгү окумуштуулардын гана пикирине таянуу менен ыштын организмге тийгизген таасирин айта алат турбайбызбы?
— Ооба, республикада абанын булганышы канчалык таасир этери тууралуу изилдөө жок. Буга комплекстүү терең анализ керек.
Проблема с загрязнением воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт ыш менен күрөшүү үчүн план бекитти. 2021-жылы аткарыла турган иштер
Биз 2017-2018-жылдары илимий топ менен бирге үйдүн ичиндеги абанын булганышын изилдегенбиз. Анда көмүрдөн ыш чыгары жана ал жашагандардын ден соолугуна терс таасир этери аныкталган. Эксперимент үчүн үйлөргө Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жаңы моделдеги темир мештер коюлган. Натыйжада үйдүн ичинде аба булганбай, сыртка дагы ыш чыкпай турганын көргөнбүз. Мындайча айтканда, азыркы көмүрдүн күйүшү технологияга туура келбей жатат. Абаны тазалоодо бул ыкманын пайдалуу экени далилденип, Дүйнөлүк банк көп үйлөрдүн ичиндеги эски мештерди жаңыга алмаштыруу долбоорун сунуштаган эле. Бирок долбоор парламенттен өтпөй калган. Депутаттар аны эмнеге колдобой койгону белгисиз. Балким, маалымат жакшы жетпей калгандыр.
Көмүрдөн тышкары автоунаалар да абаны булгап жатат деп ойлойм. Биздин жол тилкелерине унаалардын саны дал келбейт.
Ыш менен түтүндүн себебин билүүгө атайын изилдөө керек. Бардык иш-аракеттер илимдин негизинде гана болушу зарыл. Илим өнүкмөйүнчө Бишкектин абасын оңдой албайбыз. Ага бийликтегилер колдоо көрсөткөнү оң.
Мамлекеттик деңгээлде комиссиялар түзүлүп жатат. Бирок ал жакта Саламаттык сактоо тармагындагы адистер жок. Бул көйгөйдү комплекстүү чечүүнү колго алып, дарыгерлерди да кошуу керек. Биз тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаТалант Сооронбаев: Ыш менен түтүндүн себебин билүүгө атайын изилдөө керек. Бардык иш-аракеттер илимдин негизинде гана болушу зарыл. Илим өнүкмөйүнчө Бишкектин абасын оңдой албайбыз. Ага бийликтегилер колдоо көрсөткөнү оң.
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Талант Сооронбаев: Ыш менен түтүндүн себебин билүүгө атайын изилдөө керек. Бардык иш-аракеттер илимдин негизинде гана болушу зарыл. Илим өнүкмөйүнчө Бишкектин абасын оңдой албайбыз. Ага бийликтегилер колдоо көрсөткөнү оң.
— Мэрия өкүлдөрү ыш көйгөйүн чечүү үчүн коомчулуктан жардам сурады эле. Сиздер алар менен байланышып көрдүңүздөрбү?
— Биздин илимий топ кайрылган жок. Мурдагы саламаттык сактоо министрлерине маалыматтарды бергенбиз. Өкмөткө, президентке дагы кат жазып, жооп ала алган эмеспиз. Көп эле презентацияларды кылып жүрөбүз. ЖМК аркылуу жеткиргенге аракет кылып жатабыз.
Акыркы эки-үч айдан бери маселе көтөрүлүп жатат, бирок бир дагы реалдуу чечимди көргөн жокмун.
— Бул маселе жакын арада чечилбей турганы белгилүү болуп калды. Ыштан кантип коргонобуз?
Ала-Тоо аянты, Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калк бийликтин буйругун так аткарышы керек. Экологиялык өзгөчө кырдаал деген эмне
— Бет кап аз болсо да жардам берет. Бир күндө 3-4 жолу мурунду, ооз көңдөйдү суу менен тазалап жууп турган оң. Андан тышкары, тамеки чекпеш керек. Колдон келишинче шаардын сыртына чыгып таза абада басып, сейилдөө зарыл. Мүмкүн болсо шаардыктарды коомдук транспортко түшсө дейм. Буга дагы муниципалитет көңүл бурушу керек.
Азыр эч ким паникага алдырбашы керек. Мурдагыдай эле ишибизди жасап, жакшы маанайда жүрө бергенибиз оң. Ошондой эле айрым адамдарды элдин оюн чаташтырбоого чакырат элем. 
Жаңылыктар түрмөгү
0