Быйыл Баткенде дан эгиндери 1 117 гектар жерден жыйналды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКартошканы жыйноо. Архив
Картошканы жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен дубанынын аймагында ошондой эле картошка, жашылча, мөмө-жемиштер жана 410 гектар аянттан дан буурчак жыйналган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн  маалымат кызматы кабарлады.

Коронавирус пандемиясынын шартында да облустук бийлик айыл чарба тармагында планды ашыкча аткарууга жетишкен.

"Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери аяктоодо. Быйыл облуста 25 миң 778 гектар аянттан кылкандуу дан эгиндерин жыйноо керек эле, бирок азыркы учурда түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 1 117 гектарга көп алынды", — деп айтылган маалыматта. 

Нарында арпа орула баштады. Сүрөттөр

Облус аймагында ошондой эле 626 гектар аянттан картошка, 565 гектардан жашылча, 2 734 гектар жерден мөмө-жемиш, 410 гектар аянттан дан буурчак жыйналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0