Нарында арпа орула баштады. Сүрөттөр

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТалаадагы арпа. Архив
Талаадагы арпа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус аймагында быйыл 18 877 гектар аянтка арпа эгилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 815 гектарга көп.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыюу иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Талап, Көк-Жар айыл аймактарында арпа аянтына комбайн түшкөн.

Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды

"Быйыл облус боюнча 39 866 гектар жер айдалып, анын 5 757 гектарына буудай, 18 877 гектарына арпа, 34 гектарына жүгөрү, 6 151 гектарына картошка, 472 гектарына жашылча, 8 551 гектарына чөп өсүмдүктөрү эгилген. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл буудай 800 гектарга, арпа 1 815 гектарга көп себилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда облустун бардык райондорунда тоют топтоо иштери жүргүзүлүп, айрымдарында дан эгиндери чабыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0