Быйыл Жалал-Абадда былтыркыдан 600 млн сомго көп салык чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековДжалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын эстелиги. Архив
Джалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган онлайн-коллегия өткөрүлүп, салыктар жана айыл чарба иштери тууралуу маалымат берилген.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Быйыл алты айдын аралыгында Жалал-Абад облусунда салыктык жыйымдардан 2 миллиард 423 миллион сом түштү. Аталган сумма 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 600 миллион сомго көп. Бул туурасында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Кечээ облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган онлайн-коллегия өткөрүлгөн.

Маалыматта карантиндик чаралардан улам кызмат көрсөтүү, чекене соода жүгүртүү жана капиталдык салымдар боюнча иш солгундаганы айтылат. Бул учурда 7 193 субъектинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Ал эми 1-июндан тарта облуста кайрадан 5 356 субъект ишин жанданткан.

"Жарым жылда Тогуз-Торо районундагы "Макмал алтын" комбинатында 61,8 килограмм алтын концентраты өндүрүлдү. Бул аралыкта Чаткал районунун Терек-Сай кенинде 61,8 килограмм алтын концентраты алынган. Анын менен бирге Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоо иштери жанданды. Мындан сырткары, облуста 14 жаңы ишкана ачылды", — деп айтылат маалыматта.

Элеттеги дыйкандар менен ишкерлер 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

Ал эми айыл чарба жаатында жумуштар 103,12 пайызга аткарылганы маалымдалды. Облус бийлигинин билдиришинче, Жалал-Абаддын 157 431 гектар жерине өсүмдүк эгилген. Июнь айына карата былтыркыдан 2 143 тоннага көп түшүм алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0