Элеттеги дыйкандар менен ишкерлер 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүБуудайды оруп-жыйноо. Архив
Буудайды оруп-жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен насыя берилет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында элеттеги дыйкандарга жана ишкерлерге жалпы суммасы 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу 7 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Насыялар төмөнкү багыттар боюнча колдонулган:

  • өсүмдүк өстүрүүчүлүккө — 388,3 миллион сом;
  • мал чарбачылыкка — 2 миллиард 435,8 миллион сом;
  • кластерге — 185,2 миллион сом;
  • кайра иштетүүгө — 391,9 миллион сом;
  • ун өндүрүүгө — 363,8 миллион сом.

Кыргызстан жеке тараптарга насыя берүү үчүн карыз алмай болду

Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо — 8" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын негизинде февраль айынын ортосунан баштап дыйкан-фермерлерге 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя бериле баштаган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 миллиард сомдон ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0