Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту. Видео

© Фото / Пресс-центр Минздрава КР Заместитель министра здравоохранения КР - Главный государственный санитарный врач КР Усенбаев Нурболот
Заместитель министра здравоохранения КР - Главный государственный санитарный врач КР Усенбаев Нурболот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соль-Илецкиден алып келинип, обсервацияга жаткырылган мигранттар аларды үйүнө коё берүүнү талап кылышууда.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагындагы "Семетей" обсервациясына жайгаштырылган жарандар менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жолукту.

Аталган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Буга чейин министрлик чуу чыгарган мигранттар дарыгерлерге кол салып, Тез жардамдын унаасын оодарууга аракет кылганын билдирген.

Жаңжал салгандар дарыгерлерди Соль-Илецкиден келген айрым жарандарды үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап, аларды дагы коё берүүнү талап кылышууда.

Аталган жерге саламаттык сактоо министринин орун басары башында турган өкүлдөр барып сүйлөшүп жатат.

Кадрдан нааразы болгон адамдар талаптарын айтып жатканын көрүүгө болот.

"Биз 14 күн үйдө жатканга даярбыз. Соль-Илецкиден бери коронавирус аныкталган адамдар менен чогуу бир автобуста келгенбиз. Анда эмнеге бизге жуккан жок?" — деп суроо салды бир эркек киши.

Күтүп отурган адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ИИМ "Гансиге" жайгаштырылгандар эмне себептен жаңжал чыгарганын айтты
Дагы бир аял атайын автобус менен аларды бекер жеткирүүнү талап кылса, башкалары өзүлөрү деле кете аларын айтты.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кээ бир адамдар коронавирус аныкталгандарды ооруканага алып кетсе, үй карантинине чыгып жатат деген жалган маалымат таратып, мындан улам башкалары дагы коё берүүнү талап кылып чыгышканын билдирди. 

Белгилей кетсек, Россиянын Соль-Илецк районунда бир айдан ашык кармалып турган жарандар 7-май күнү автобус менен алып келинген. Учурда алардын ичиндеги 101 адамдан коронавирус аныкталды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0