Оренбургда турган 541 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРОренбургда турган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди
Оренбургда турган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештерди алып келген автобустар Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Оренбург облусунун Соль-Илецк районунда кармалып турган кыргызстандыктар Бишкекке келишти. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Выехавшие из Оренбургской области кыргызстанцы прибыли на родину
Мекендештердин баары медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мекендештердин баары медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Выехавшие из Оренбургской области кыргызстанцы прибыли на родину
Маалыматка караганда, 541 жаран мекенине кайткан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Маалыматка караганда, 541 жаран мекенине кайткан
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Выехавшие из Оренбургской области кыргызстанцы прибыли на родину
Алар жеке автоунааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен келишкен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алар жеке автоунааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен келишкен
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Выехавшие из Оренбургской области кыргызстанцы прибыли на родину
Транспорттор Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Транспорттор Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат
1/4
Мекендештердин баары медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат
2/4
Маалыматка караганда, 541 жаран мекенине кайткан
3/4
Алар жеке автоунааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен келишкен
4/4
Транспорттор Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат


Мекендештердин баары медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат.Маалыматка караганда, 541 жаран мекенине кайткан. Алар жеке автоунааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен келишкен. Транспорттор Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат.

ТИМ Казакстан бир жолку өтүүгө гана уруксат бергенин айтып, мындан ары чек ара жабык болорун эскертти. Мындан улам кыргызстандыктарды кайра Соль-Илецктеги чек арага келип албоого чакырды.

“Кээ бир абийирсиз адамдардын чагымчыл аракеттерине алдырып ультиматумдук талаптарды коюудан алыс болуп, сабырдуулук жана түшүнүү менен чыдап турушуңуздарды суранабыз. Коронавируска каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар биринчи кезекте жарандардын саламаттыгын сактоого жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоого багытталган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимге ылайык, мекендештердин бир жолу өтүүсүнө уруксат берилген. Алар Соль-Илецк районунда бир айдан ашык убакыттан бери кармалып турган.

Коронавирустун кесепети

Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0