Работа сотрудников Кубань-СПАС - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: сүрөт, фото, кабарлар

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү уланууда. Соңку маалыматтар боюнча COVID-19га кабылгандардын саны 665 болду. Алардын ичинен 8 адам каза тапты.

Өлкөдөгү эпидемиялык абалдан улам Кыргызстандагы төрт шаар менен төрт районго өзгөчө абал киргизилген. Учурда жарандардын жүрүшүнө чектөө коюлуп, аталган аймактарга кирип-чыгуу тыкыр көзөмөлдө.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:18 25.04.2020

Эрте бузулган азык-түлүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаа өткөрмө жайларынан тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин биринчи кезекте жана тоскоолдуксуз өткөрүлөрүнө КР Мамлекеттик чек ара кызматы өзгөчө көӊүл бурат.

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм боюнча, медиктер мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын температурасын өлчөйт жана COVID-19 вирусунун белгилери бар-жогун аныктоого экспресс-тест жүргүзөт.

Эгерде анализдин жыйынтыгы оӊ чыкса, айдоочу обсервацияга алынат да, ага ПЧР-тест жасалат. Жүк ташуучу унаа жана жүк дезинфекцияланат.

Унаа каражаты жүк алуучу башка айдоочу жибермейинче унаа токтотуучу жайда калат.
Эгерде жүк ташуучу унаанын айдоочусу тапшырган экспресс-тест терс болуп чыкса, анда ал 14 сутка өзүн-өзүн изоляция алары тууралуу документке кол коет. Муну айдоочу жашаган жерине караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Мында, Чек ара кызматынан түшүндүрүшкөндөй, интернетте тарап жаткан айдоочуларды обсервацияга жаткыруу учуру бир гана жолу катталган.

13:15 25.04.2020

Коронавируска каршы күрөшүүдө "Апаатка такаат" соцдолбоордун алкагында уюшулган ишкерлердин JIA Бизнес-ассоциациясы "Элим, барсынбы?" фонду менен биргеликте медиктерге 1000 коргонуучу костюм (ЖКК) беришти.
Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: бет кап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.

Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 миллион сом чогултулган. ЖКК республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.

12:57 25.04.2020

Бишкекте 30-апрелден тарта курулуш тармагы, СТО, вулканизация, такси кызматтары иштеши мүмкүн делди. Ошто бул абал кандай жөнгө салынат?

"Эгер Бишкекте иштей баштаса, анда Ошко деле буйрук келет. Буйрук өзгөчө абал режими кирген бардык аймактарга бирдей тийиштүү болот. Кайсы зонада жашаганыңыз да маанилүү. Чектөө чаралары күчөтүлгөн аймакта жашасаңыз, күчөтүлгөн режимде карайбыз", — деди Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов.

12:27 25.04.2020

Ошто азык-түлүк саткан соода борборлор эле иштеп жатат. Базарлар жабык. Бул тууралуу комендант Малик Нурдинов брифинг учурунда айтты.

12:16 25.04.2020

"Эми лаборатория 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР-анализ жүргүзө баштайт. Ошондой эле пенсионерлер ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт", — деди министр.

Ал эми Республикалык штаб калктын социалдык аярлуу катмарына да тест бекер экендигин билдирди. Ошондой эле фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышары айтылды.

Буга чейин жеке лабораторияларда ПЧР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болору белгиленген болчу. 

11:23 25.04.2020

Министрдин айтымында, дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор жана өтө оор болуп төрткө бөлүнөт.

"Жеңил формасындагыларды дарылоого 7988 сом, орто абалдагы бейтаптарга 16 миӊ 370 сом, оор абалдагыларга 74 миӊ 764 сом, ал эми өтө оор абалда дарыланып жаткандарга 118 миӊ 807 сом бөлүнөт", — деди Абдкаримов.

Ал коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланарын айтып, бардыгы бюджеттен каржыланарын кошумчалады.

10:32 25.04.2020

22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын бирөөсүнөн коронавирус инфекциясы тастыкталды. Ал эми 24-апрель күнү Стамбулдан келген 351 жарандан анализдер алынды. Эми анын жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабырдан Абдикаримов айтты.

10:13 25.04.2020

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.

10:12 25.04.2020

Бишкек шаарында 12, Ош шаарында 10, Чүй облусунда бир киши сакайды. Ушуну менен республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

10:11 25.04.2020

Кыргызстанда бүгүн дагы 9 киши коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 аныкталгандардын саны 665ке жетти.

"Жаңы учурлардын төртөө Бишкекте, төртөө Ош шаарында, бирөө Чүй облусунда. Арасында үч медик бар", — деди Үсөнбаев. 

Бүгүнкү күндө коронавирус менен алпурушуп жаткан медицина кызматкерлеринин саны 175 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0