https://sputnik.kg/20261027/1104536328.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары 23,4 млрд долларга жеттиАКШ армиясы согуш учурунда убактылуу мүрзөлөрдү казууга машыгуудаКыргызстанда күйүүчү майдын... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T11:00+0600
2026-10-27T11:00+0600
2026-10-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536162_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8ca9cd391431eb0821dbf5f0dcbeadbe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары 23,4 млрд долларга жеттиАКШ армиясы согуш учурунда убактылуу мүрзөлөрдү казууга машыгуудаКыргызстанда күйүүчү майдын кору жыл аягына чейин толук жетет
Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында маалым болду. Анда белгиленгендей, бүгүнкү күндө өлкөдө АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель майынын жана автоунаалар үчүн суюлтулган газдын зарыл көлөмдөгү запасы камсыздалган. Ошондой эле күйүүчү майды импорттогон жана саткан компанияларга субсидия берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралганы, учурда анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы бөлүнгөнү айтылды.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара түз инвестицияларынын көлөмү 2025-жылдын алты айына карата 23,4 миллиард долларды түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 42%га өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Дохада өткөн Дүйнөлүк инвестициялык форумда билдирди. Министр инвестиция тартуу менен катар жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү ишканалардын өндүрүшүн кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмине токтолду. Форумда ЕАЭБдин туристтик мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. 2024-жылы иштелип чыккан евразиялык туристтик маршруттардын карталарына 419 объект жана 38 маршрут киргизилген. Султанов БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун жетекчилиги менен жолугушуп, туризмди өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташууну талкуулады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик маршруттары, объектилери жана иш-чаралары тууралуу маалыматтык ресурсту жыл соңуна чейин Биримдиктин сайтына жайгаштыруу пландалууда. Ошондой эле эл аралык уюмдун өкүлдөрү 2027-жылы Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумуна чакырылды.
Кыргызстанда облус, райондор жоюлуп, аймактар түзүлөт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаевдин айтымында, өлкө райондон чоңураак, бирок облустан кичирээк болгон 20дан ашык аймакка бөлүнөт. “Бири-бирин кайталаган бир орган жоюларын так айта алам. Мисалы, көлдүн түндүгү Балыкчыга бириксе, бир жагы Ысык-Көлгө биригет. Жалал-Абадда, Ошто да кичинекей райондор бар. Жанында дарамети чоң райондор турат. Ушу принциптер менен ирелешип, анан бир аймактар түзүлөт”, — деди Жантаев.
АКШнын кургактагы аскерлери кокус ири масштабдуу аскердик жаңжалдар чыгып калса, убактылуу мүрзөлөрдү казуу ыкмаларын өздөштүрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, аскерлер согуш талаасында курман болгон жоокерлерди жерге берүү сыяктуу оор жагдайларга даярданууда. Машыгуу учурунда сөөктөрдү кийинчерээк аныктоо жана согуш аяктагандан кийин туугандарына өткөрүп берүү максатында убактылуу көмүү иштери канчалык тез жүргүзүлөрүн текшерип жатышат. Түндүк Каролина штатында өткөн машыгууларга аскердик инженерлер, медиктер, дин кызматкерлери жана башка адистер катышып, ири көлөмдөгү убактылуу мүрзөлөрдү даярдоо процессин ишке ашырышты. Бул операцияда атайын техникалар, анын ичинде бульдозерлер колдонулган. АКШ армиясы 20 сөөк батчу траншеяны казууга орто эсеп менен бир саат 15 минут убакыт сарптаган. Бул машыгуулардын үчүнчү этабы 2027-жылдын жаз айларында өтөт.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары 23,4 млрд долларга жеттиАКШ армиясы согуш учурунда убактылуу мүрзөлөрдү казууга машыгуудаКыргызстанда күйүүчү майдын кору жыл аягына чейин толук жететКыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында маалым болду. Анда белгиленгендей, бүгүнкү күндө өлкөдө АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель майынын жана автоунаалар үчүн суюлтулган газдын зарыл көлөмдөгү запасы камсыздалган. Ошондой эле күйүүчү майды импорттогон жана саткан компанияларга субсидия берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралганы, учурда анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы бөлүнгөнү айтылды.ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара түз инвестицияларынын көлөмү 2025-жылдын алты айына карата 23,4 миллиард долларды түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 42%га өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Дохада өткөн Дүйнөлүк инвестициялык форумда билдирди. Министр инвестиция тартуу менен катар жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү ишканалардын өндүрүшүн кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле биргелешкен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмине токтолду. Форумда ЕАЭБдин туристтик мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. 2024-жылы иштелип чыккан евразиялык туристтик маршруттардын карталарына 419 объект жана 38 маршрут киргизилген. Султанов БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун жетекчилиги менен жолугушуп, туризмди өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташууну талкуулады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик маршруттары, объектилери жана иш-чаралары тууралуу маалыматтык ресурсту жыл соңуна чейин Биримдиктин сайтына жайгаштыруу пландалууда. Ошондой эле эл аралык уюмдун өкүлдөрү 2027-жылы Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумуна чакырылды.Кыргызстанда облус, райондор жоюлуп, аймактар түзүлөт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаевдин айтымында, өлкө райондон чоңураак, бирок облустан кичирээк болгон 20дан ашык аймакка бөлүнөт. “Бири-бирин кайталаган бир орган жоюларын так айта алам. Мисалы, көлдүн түндүгү Балыкчыга бириксе, бир жагы Ысык-Көлгө биригет. Жалал-Абадда, Ошто да кичинекей райондор бар. Жанында дарамети чоң райондор турат. Ушу принциптер менен ирелешип, анан бир аймактар түзүлөт”, — деди Жантаев.АКШнын кургактагы аскерлери кокус ири масштабдуу аскердик жаңжалдар чыгып калса, убактылуу мүрзөлөрдү казуу ыкмаларын өздөштүрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, аскерлер согуш талаасында курман болгон жоокерлерди жерге берүү сыяктуу оор жагдайларга даярданууда. Машыгуу учурунда сөөктөрдү кийинчерээк аныктоо жана согуш аяктагандан кийин туугандарына өткөрүп берүү максатында убактылуу көмүү иштери канчалык тез жүргүзүлөрүн текшерип жатышат. Түндүк Каролина штатында өткөн машыгууларга аскердик инженерлер, медиктер, дин кызматкерлери жана башка адистер катышып, ири көлөмдөгү убактылуу мүрзөлөрдү даярдоо процессин ишке ашырышты. Бул операцияда атайын техникалар, анын ичинде бульдозерлер колдонулган. АКШ армиясы 20 сөөк батчу траншеяны казууга орто эсеп менен бир саат 15 минут убакыт сарптаган. Бул машыгуулардын үчүнчү этабы 2027-жылдын жаз айларында өтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536162_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e1c70c99675a9c0d75ab89e7cbd1ce3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио