00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
14:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын көкүрөк безинин рагы үчүнчү орунда турат
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 8 айда 9%га өсүп, ЕАЭБде биринчи сапка чыктыУкраина согуштун бир күнү үчүн канча чыгым болору айтылдыЖапаров сот тутумунун өкүлдөрүн коркпоого, көз карандысыз чечим чыгарууга чакырды
Президент Садыр Жапаров судьяларды УКМК кызматкерлеринен коркпоого жана кылмыш иштерин кароодо көз карандысыз чечим чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ал Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Өлкө башчыга Курулуш айылынын тургуну кайрылып, "СИЗОдо жаткан жолдошу кыйноого кабылганын" айткан. Даттануучу берген маалыматка караганда, жолдошу эки жыл мурда алдамчылык боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Мындан тышкары, ал тергөөчүлөрдү жолдошун кыйноого алган деп айыптады.Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу ишкерлердин маселесин чечип берүүнү убада кылып, акча алган. Иш буга чейин сотко өткөрүлүп, айыпталуучу камакта отурат. Маалыматтарды уккандан кийин Жапаров сот тутумунун өкүлдөрүнө кайрылып, ишти калыс кароого чакырды. "Судьялар, ишти адилеттүү карагыла. Эч кимден коркпогула. Эгер ишти УКМК козгогон болсо, УКМКдан коркпогула. Силер көз карандысызсыңар", — деди президент. Ал ошондой эле аялдын жүйөлөрүнө көңүл буруп, айтып берген жагдайларды текшерүүнү тапшырды.
Январь-август айларында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында өсүш катталган. Атап айтканда, Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 8,8 пайызга, Арменияда 7,4, Казакстанда 2,8 жана Беларуста 0,2 пайызга көбөйгөн. Ал эми Россияда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлде калган. Ошондой эле биримдик өлкөлөрүндө кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүш көлөмү 0,8 пайызга жогорулаганы айтылды.
Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын толук төлөгөндөн кийин күрөөнү алып салуу үчүн банкка, андан кийин Жер агенттигине барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырышы керек болчу. Бул процесс бир-эки күнгө чейин созулуп кетчү. Эми мунун баарын "Түндүк" тиркемесинен эле жасоого болот. Күндөп созулган жумушту беш саатта эле бүтүрүү мүмкүн экени кошумчаланды. Мындан тышкары, өкмөт документ ырастоо процедурасын жөнөкөйлөтүүчү дагы бир реформасы тууралуу айтты. Буга чейин студент кезде багуучусунан ажыраган жаштар мамлекет берчү жөлөк пулду узартуу үчүн мурдагыдай жыл сайын окуган жеринен маалым кат алып, тапшырууга милдеттүү эле. Эми ал жарандын студент экенин маалымат системалары аркылуу 1-2 мүнөттүн ичинде текшерип алууга шарт түзүлдү.
2027-жылы согуштун бир күнү Украинаны 480 миллион долларлык чыгымга учуратышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин өлкөнүн финансы министринин орун басары Роман Ермолычев кийинки жылы өлкөнүн аскерий чыгымдары үчүн 175 миллиард доллар керек экенин, ал эми бюджетте 100 миллиард доллар гана каралганын билдирген. Анткен менен Украина 37 миллиард долларлык таңсыктыкка жана мамлекеттик карыздын 276 миллиард долларга жеткенине карабай, келерки жылы Куралдуу күчтөрдү каржылоого мурунку жылдарына караганда көбүрөөк каражат жумшоого ниеттенүүдө. 2027-жылдын бюджеттик долбооруна ылайык, армияны каржылоого бөлүнгөн сумма 108,3 миллиард долларга жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0