https://sputnik.kg/20261026/1104527990.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөтМаск Зеленский өзүн кантип ыңгайсыз абалга кептегенин айттыКыргызстан КМШ өлкөлөрүнө миграция жаатындагы... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T17:00+0600
2026-10-26T17:00+0600
2026-10-26T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104527824_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7fb33bbe33d2799f2e629c1e859a9a34.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөтМаск Зеленский өзүн кантип ыңгайсыз абалга кептегенин айттыКыргызстан КМШ өлкөлөрүнө миграция жаатындагы тажрыйбасын сунуштады
Кыргызстан мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тажрыйбасын Астанада өткөн КМШнын биргелешкен комиссиясынын жыйынында сунуштады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын 22-октябрында өткөн жыйынга Кыргызстандын Эмгек министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Тараптар мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иштөөсүнө бөгөт коюу, реадмиссия боюнча кызматташуу жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты. Жыйындын соңунда Кыргызстан мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана миграция жаатында маалымат алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы "Жаштык Аренада" "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара жаштардын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого, алардын коомдук-саясий жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүүгө арналат. Форумга активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышып, Кыргызстандын келечеги жана өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун, сунуштарын ортого салышат. Форумга катышууну каалагандар каттоодон өтүү үчүн өздөрүнүн жогорку окуу жайларына кайрылышы керек.
ЕАЭБде башка өлкөлөрдөн келген айрым товарларга бажы алымдары көтөрүлөт ЕЭК кеңеши импорттук товарлар кыйла арзандап, ташуу көлөмү өскөнүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алды. Бажы алымы жеңил өнөр жай продукцияларына, электрониканын жана арматуранын айрым түрлөрүнө көтөрүлөт. Чара келерки жылдын октябрына чейин күчүндө болот.
Белгилүү коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнө салды. Маалыматты туугандары тастыктады. Ал 1937-жылы 8-мартта туулган. Айтматова физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, аялдар кыймылынын активдүү катышуучусу катары белгилүү.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Starlink спутниктик байланыш системасын чабуул жасоо үчүн колдонушу кызмат көрсөтүү шарттарына каршы келет. Бул тууралуу америкалык миллиардер Илон Маск X социалдык тармагында жазып, украин президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүнө шилтеме жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Масктын айтымында, Зеленский Starlink системасы учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урууда колдонулганын өзү жарыялаган."Дөдөйлөргө түшүндүрүп коеюн: Зеленский өзү Starlink системасын дрондор менен сокку уруу үчүн колдонгону тууралуу пост жарыялаган. Бул кызмат көрсөтүү шарттарына каршы келет", — деп жазды ал.Буга чейин Маск Starlink системасын украин аскерлеринин чабуул коюу операцияларында колдонууга мүмкүндүк берген жолду жапканын билдирген. Анын бул сөзү социалдык тармактардагы айрым колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Октябрь айында Украинанын расмий өкүлдөрү Starlink системасынын ишинде олуттуу чектөөлөр пайда болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, бул пландалган айрым аскердик операциялардын үзгүлтүккө учурашын жана логистикалык иштердин татаалдашын шарттаган. Бул окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Starlink системасына киргизилген чектөөлөргө тиешеси жок экенин жана Масктын бул жагдайга катышы бар-жогун билбей турганын бир нече жолу айткан.
Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөтМаск Зеленский өзүн кантип ыңгайсыз абалга кептегенин айттыКыргызстан КМШ өлкөлөрүнө миграция жаатындагы тажрыйбасын сунуштадыКыргызстан мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тажрыйбасын Астанада өткөн КМШнын биргелешкен комиссиясынын жыйынында сунуштады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын 22-октябрында өткөн жыйынга Кыргызстандын Эмгек министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Тараптар мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иштөөсүнө бөгөт коюу, реадмиссия боюнча кызматташуу жана мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты. Жыйындын соңунда Кыргызстан мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана миграция жаатында маалымат алмашууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы "Жаштык Аренада" "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара жаштардын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого, алардын коомдук-саясий жана социалдык процесстерге катышуусун кеңейтүүгө арналат. Форумга активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышып, Кыргызстандын келечеги жана өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун, сунуштарын ортого салышат. Форумга катышууну каалагандар каттоодон өтүү үчүн өздөрүнүн жогорку окуу жайларына кайрылышы керек.ЕАЭБде башка өлкөлөрдөн келген айрым товарларга бажы алымдары көтөрүлөт ЕЭК кеңеши импорттук товарлар кыйла арзандап, ташуу көлөмү өскөнүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алды. Бажы алымы жеңил өнөр жай продукцияларына, электрониканын жана арматуранын айрым түрлөрүнө көтөрүлөт. Чара келерки жылдын октябрына чейин күчүндө болот. Белгилүү коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнө салды. Маалыматты туугандары тастыктады. Ал 1937-жылы 8-мартта туулган. Айтматова физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, аялдар кыймылынын активдүү катышуучусу катары белгилүү.Украина Куралдуу күчтөрүнүн Starlink спутниктик байланыш системасын чабуул жасоо үчүн колдонушу кызмат көрсөтүү шарттарына каршы келет. Бул тууралуу америкалык миллиардер Илон Маск X социалдык тармагында жазып, украин президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүнө шилтеме жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Масктын айтымында, Зеленский Starlink системасы учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урууда колдонулганын өзү жарыялаган."Дөдөйлөргө түшүндүрүп коеюн: Зеленский өзү Starlink системасын дрондор менен сокку уруу үчүн колдонгону тууралуу пост жарыялаган. Бул кызмат көрсөтүү шарттарына каршы келет", — деп жазды ал.Буга чейин Маск Starlink системасын украин аскерлеринин чабуул коюу операцияларында колдонууга мүмкүндүк берген жолду жапканын билдирген. Анын бул сөзү социалдык тармактардагы айрым колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Октябрь айында Украинанын расмий өкүлдөрү Starlink системасынын ишинде олуттуу чектөөлөр пайда болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, бул пландалган айрым аскердик операциялардын үзгүлтүккө учурашын жана логистикалык иштердин татаалдашын шарттаган. Бул окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Starlink системасына киргизилген чектөөлөргө тиешеси жок экенин жана Масктын бул жагдайга катышы бар-жогун билбей турганын бир нече жолу айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104527824_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_29140e1e09145e8429ed77b88402027e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио