https://sputnik.kg/20261026/1104530168.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада чек арачыларга кызматтык батирлер тапшырылдыАКШ Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырдыЖапаров Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T19:00+0600
2026-10-26T19:00+0600
2026-10-26T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104530002_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d0f58b3b9951414ab745b63142af979.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада чек арачыларга кызматтык батирлер тапшырылдыАКШ Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырдыЖапаров Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мамлекет башчынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсияга чыккан мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканын айтып даттанган. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Эмгек кодекси мындай педагогдорду жашына байланыштуу жумуштан бошотууга жол бербей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым учурларда иштен алынгандар сот аркылуу кайра кызматына келип алышат. “Эгерде жаш мугалимдер жумуш күтүп жатса, маселени мыйзам чегинде чечүү керек. Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыккыла”, — деди Жапаров.
Бүгүн Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак-унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземи өттү. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарада чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аземге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматчылары, ардагерлер жана ишкерлер катышты. Турак жайды курууга "Баймакс" холдинг компаниясынын өкүлү Уланбек Максымбеков, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер Асилбек Муратбеков, Нурмырза Сатыбалдиев, Абдихан Атаканов, Нурбек Эркинов жана Кылымкан Сулайманова салым кошту.
Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Баткен окуясынын 26 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлду. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого салым кошкон бир катар катышуучуларга коргоо министринин атынан ардак грамоталар тапшырылды.
АКШ Венгриянын экс-премьер-министри Виктор Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырганын Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.Басылманын айтымында, Россия менен Кытай демилгени колдоого даяр. "АКШ, Россия, Кытай үчөө БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир нерсени көздөсө, адатта ал максат аткарылат", — деп жазылат макалада. Гезитке маалымат бергендер Мамлекеттик департамент Орбан БУУнун Коопсуздук кеңешинде 15 добуштун 10уна ээ боло аларын эсептеп чыкканын айтып беришкен. "Британия менен Франция ошондо да көпчүлүккө каршы чыгабы? Бул эки мамлекет вето укугун өтө этияттык менен пайдаланат эмеспи", — деген басылма. БУУнун баш катчылыгына алтынчы ирет алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да талапкер бешиликтин (Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) ветосунан өтө алган эмес. Алдыңкы сапка Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан чыкканы менен Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү анын талапкерлигин колдобой койгон. БУУну жетектөөгө Гайанадан Кэролин Родригес-Биркетт, Коста-Рикадан Ребека Гринспан, Аргентинадан Рафаэль Гросси, Эквадордон Мария Фернанда Эспиноса менен Ивон Бакки, Угандадан Олара Отунну жана БАЭден Лана Нусейбе ат салышууда. Азыркы баш катчы Антониу Гутерриштин мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында бүтөт.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сомгоюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы27-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй аймагында +12...+17, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15 градусту көрсөтөт.Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14...+16, Ош шаарында +18...+20 градуска жылуу болот.
Ала-Букада чек арачыларга кызматтык батирлер тапшырылдыАКШ Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырдыЖапаров Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштадыПрезидент Садыр Жапаров пенсия курагындагы мугалимдердин ордуна жаш адистердин келишине шарт түзүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мамлекет башчынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсияга чыккан мугалимдер жаш адистерге орун бошотпой жатканын айтып даттанган. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Эмгек кодекси мындай педагогдорду жашына байланыштуу жумуштан бошотууга жол бербей турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, айрым учурларда иштен алынгандар сот аркылуу кайра кызматына келип алышат. “Эгерде жаш мугалимдер жумуш күтүп жатса, маселени мыйзам чегинде чечүү керек. Анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Бул маселени Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыккыла”, — деди Жапаров.Бүгүн Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак-унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземи өттү. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарада чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аземге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматчылары, ардагерлер жана ишкерлер катышты. Турак жайды курууга "Баймакс" холдинг компаниясынын өкүлү Уланбек Максымбеков, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер Асилбек Муратбеков, Нурмырза Сатыбалдиев, Абдихан Атаканов, Нурбек Эркинов жана Кылымкан Сулайманова салым кошту.Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Баткен окуясынын 26 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлду. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого салым кошкон бир катар катышуучуларга коргоо министринин атынан ардак грамоталар тапшырылды. АКШ Венгриянын экс-премьер-министри Виктор Орбанды БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууга чакырганын Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.Басылманын айтымында, Россия менен Кытай демилгени колдоого даяр. "АКШ, Россия, Кытай үчөө БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир нерсени көздөсө, адатта ал максат аткарылат", — деп жазылат макалада. Гезитке маалымат бергендер Мамлекеттик департамент Орбан БУУнун Коопсуздук кеңешинде 15 добуштун 10уна ээ боло аларын эсептеп чыкканын айтып беришкен. "Британия менен Франция ошондо да көпчүлүккө каршы чыгабы? Бул эки мамлекет вето укугун өтө этияттык менен пайдаланат эмеспи", — деген басылма. БУУнун баш катчылыгына алтынчы ирет алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да талапкер бешиликтин (Россия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) ветосунан өтө алган эмес. Алдыңкы сапка Коста-Риканын экс-вице-президенти Ребека Гринспан чыкканы менен Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү анын талапкерлигин колдобой койгон. БУУну жетектөөгө Гайанадан Кэролин Родригес-Биркетт, Коста-Рикадан Ребека Гринспан, Аргентинадан Рафаэль Гросси, Эквадордон Мария Фернанда Эспиноса менен Ивон Бакки, Угандадан Олара Отунну жана БАЭден Лана Нусейбе ат салышууда. Азыркы баш катчы Антониу Гутерриштин мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында бүтөт.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сомгоюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы27-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй аймагында +12...+17, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15 градусту көрсөтөт.Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +14...+16, Ош шаарында +18...+20 градуска жылуу болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104530002_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_45c942e1f88afd4dd986ac0270d46526.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио