00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
Уголь, аренда земли и миллиардные убытки: разбираемся в цифрах и решениях
12:05
119 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын көкүрөк безинин рагы үчүнчү орунда турат
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болду.Европа Россия менен сүйлөшүүдө өкүлү катары Финляндиянын президентинин талапкерлигин карап жататЖапаров "Ош" базары качан көчүрүлөрүн айтты
"Ош" базары 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.Президент базарды мамлекет өзү куруп жатканын эске салды. Ал бир нече жыл мурда ири базарлардын ээлерин чогултуп, 30 жылда долларлык миллиардер болгонун айтып, соодагерлерге шарт түзүп берүүнү суранганын белгиледи. "Ушул алты жылда бир чарчы метр да курушкан жок. Азыр "Мадина" базары мамлекеттин көзөмөлүндө. Ээсине 4-5 жылдан кийин акчасын төлөп берерибизди айттык", — деди ал. Жапаров бул райондогу ишкерлер базарга мындан ары да ээлик кылууну кааласа, соодагерлерге жакшы шарт түзүп бериши керектигин эскертти. Белгилей кетсек, “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо жайгаша турган "Ош" базары толугу менен мамлекеттин карамагында болот. Сентябрь айында анын курулушу болжол менен 90 пайызга бүткөнү айтылган. Соода түйүнүнүн иши толук санариптештирилет. Базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы байланыш электрондук форматка өтөт. Объектинин жалпы аянты -- 155 миң чарчы метрди ээлейт.
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болду.Турнир Астана шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык балбан жаңы салмакта, башкача айтканда, 82 килограммга чейинкилердин категориясында күч сынашып, коло үчүн күрөштө кытайлык Халишан Бахежианды 6:5 эсеби менен утуп алды. Ага чейин Махмудов үч беттеште жеңишке жетип, жарым финалда түркиялык балбанга 0:6 эсебинде жеңилген.Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу буга чейин 77 килограмм салмак категориясында күрөшүп келген.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япониянын Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки жана башка жетекчилер менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Элвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Жаныбек Аматов, Эрулан Кокулов, Бурул Аманова жана Максат Алымбеков да катышты. Төрага Япония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Киото Япониянын бай тарыхын, маданиятын жана кылымдарды карыткан каада-салттарын сактап келген өзгөчө шаар. Андыктан эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди аймактар аралык алакалар менен да бекемдешибиз кажет”,– деди Марлен Маматалиев.
Россия менен болчу сүйлөшүүлөрдө Европанын өкүлү катары Финляндиянын президенти Александр Стуббдун талапкерлиги каралып жатат. Бул тууралуу Berliner Zeitung жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, европалык башка лидерлерге караганда Стуббдун артыкчылыктары бар. Мисалы, ал АКШ президенти Дональд Трамп менен жакшы мамиледе. Бул байланыш Вашингтон менен союздаштардын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү азайтууга жардам берет. "Экинчи артыкчылыгы — Стуббдун Россия менен иштешүү тажрыйбасы бар, Киев менен да байланышта", — деп жазылат макалада. Буга чейин Telegraph гезити Европада Россия менен диалогдо ортомчу боло турган беш талапкер каралып жатканын кабарлаган. Стуббдан тышкары тизмеге Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Чехиянын президенти Петр Павел, Даниянын премьери Метте Фредериксен жана Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере кирген эле. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин ортомчулукка Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредерди мыкты талапкер деп атап, ошол эле учурда европалыктар өздөрү ишенген лидерди тандашы керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0