Hi Doctor медициналык ЖИ платформасы болочок дарыгерлерге кандай жардам берет?
17:05 26.10.2026 (Жаңыртылды: 17:16 26.10.2026)
Hi Doctor медициналык ЖИ платформасы болочок дарыгерлерге кандай жардам берет?
Жазылуу
Коноктор
Ашым Исаков, Hi Doctor медициналык ЖИ платформасынын негиздөөчүлөрүнүн бири
Медициналык билим алып жаткан студенттер үчүн Hi Doctor медициналык ЖИ платформасы иштей баштады. Бул тууралуу “Стимул” уктуруусунда аталган тиркеменин негиздөөчүлөрүнүн бири Ашым Исаков билдирди.Анын айтымында, студенттер бул платформадан миңден ашык оору менен кайрылган виртуалдуу бейтептар менен сүйлөшүп, маселесин чечип бере алат. Мындан тышкары теориялык сабактар жана тесттик тапшырмалар дагы бар.“Биздин виртуалдуу бейтаптар импровизация кыла алат, студент кандай жооп берсе ошого жараша эмоцианалдык жактан өзгөрүп турушат. Студенттерге чыныгы бейтап менен байланышкандай сезим калтырат. Жоопторго жараша студенттин артыкчылык же кемчилик жактарын анализдеп, өздөштүрө албай жаткан тармактарын айтып берет. Платформанын артыкчылыгы кыргыз тилинде да колдонууга болот. Медициналык окуу жайлардын окуу программасынын негизинде такталган гана маалыматтар базага киргизилип, кыргызчаланган. Колдонуучу этап-этабы менен деңгээлдерден өтүп, ошого жараша рейтингден да орун алып турат”, — деди Исаков.Ошондой эле ал бул платформаны келечекте медициналык окуу жайдын мугалимдери дагы студенттер менен иштешүү, аларга эффективдүү билим берүү үчүн дагы колдоно алышарын айтып, ага ылайыкталган иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.