https://sputnik.kg/20261026/1104513747.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Спикер Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар Японияга барды ЖК төрагасы расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен... 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T08:59+0600
2026-10-26T08:59+0600
2026-10-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104513581_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9746e4d008c9a79b73f64703097d4676.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Спикер Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар Японияга барды ЖК төрагасы расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын, анын ичинде аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана тарыхый Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.
Тоо-кен компаниялары социалдык пакеттерден тышкары өз кирешелеринин 2 пайызын облустун Өнүктүрүү фондуна жана райондук фонддорго которот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша бул каражаттардын көлөмү жылына 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин жетиши мүмкүн. Каражаттар айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат. Ошондой эле президент кен казуу аяктагандан кийин жерлерди техникалык жана биологиялык рекультивациядан толук өткөрүп, жаратылышты коргоо зарылдыгын белгиледи.
Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча сынактан экинчи ирет тапшырып өттү Финансы полициясынын мурдагы башчысы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу сынакты ийгиликтүү тапшырды. Бул маалыматты "Кыргызтесттин" жетекчиси Батма Топоева-Ставинская тастыктады. Жапыкеев буга чейин 8-октябрда тест тапшырып, сертификат алуу үчүн жетиштүү упай топтой алган эмес. Өлкөдө президенттике талапкер болуш үчүн тилди B2 деңгээлде билиш керек.
Европадагылар Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканын моюндашууда. Бул тууралуу Германиянын Junge Welt басылмасы жазды. "Технологиялык миллиардер Илон Масктын ырайымы болбосо, Украинанын коргонуусу кыйрап баратат. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин өкүлү шаршембиде муну өзү байкабастан ырастап койду", — деп жазды басылма. Буга чейин Еврокомиссия Украина үчүн өтө маанилүү байланыш каражаты болгон Starlink терминалдарын толук пайдаланып турууну калыбына келтирүүгө чакырган. Өткөн аптада Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас Брюссель өзүнүн байланыш технологияларын өнүктүрүүнү пландап жатканына карабастан, жакынкы келечекте Украина үчүн АКШнын Starlink спутниктик байланыш системасын алмаштыра албай турганын билдирди. Буга чейин The Wall Street Journal гезити аттарын айткысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, АКШ президенти Дональд Трамп Илон Масктан Украинада Starlink спутниктик байланыш түзүмүнүн аскердик түрүн колдонууга киргизилген чектөөсүн алып салууну өтүнгөнүн жазган. Владимир Зеленскийдин байланыш боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин чектөөлөр дагы деле күчүндө экенин билдирген. Зеленский 19-октябрда Starlink спутниктик байланыш терминалдары чектөөлөр менен иштеп жатканын айткан.
Спикер Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар Японияга барды ЖК төрагасы расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын, анын ичинде аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана тарыхый Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.Тоо-кен компаниялары социалдык пакеттерден тышкары өз кирешелеринин 2 пайызын облустун Өнүктүрүү фондуна жана райондук фонддорго которот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша бул каражаттардын көлөмү жылына 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин жетиши мүмкүн. Каражаттар айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат. Ошондой эле президент кен казуу аяктагандан кийин жерлерди техникалык жана биологиялык рекультивациядан толук өткөрүп, жаратылышты коргоо зарылдыгын белгиледи.Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча сынактан экинчи ирет тапшырып өттү Финансы полициясынын мурдагы башчысы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу сынакты ийгиликтүү тапшырды. Бул маалыматты "Кыргызтесттин" жетекчиси Батма Топоева-Ставинская тастыктады. Жапыкеев буга чейин 8-октябрда тест тапшырып, сертификат алуу үчүн жетиштүү упай топтой алган эмес. Өлкөдө президенттике талапкер болуш үчүн тилди B2 деңгээлде билиш керек. Европадагылар Starlink чектөөлөрү Украинанын коргонуусун алсыратып жатканын моюндашууда. Бул тууралуу Германиянын Junge Welt басылмасы жазды. "Технологиялык миллиардер Илон Масктын ырайымы болбосо, Украинанын коргонуусу кыйрап баратат. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин өкүлү шаршембиде муну өзү байкабастан ырастап койду", — деп жазды басылма. Буга чейин Еврокомиссия Украина үчүн өтө маанилүү байланыш каражаты болгон Starlink терминалдарын толук пайдаланып турууну калыбына келтирүүгө чакырган. Өткөн аптада Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас Брюссель өзүнүн байланыш технологияларын өнүктүрүүнү пландап жатканына карабастан, жакынкы келечекте Украина үчүн АКШнын Starlink спутниктик байланыш системасын алмаштыра албай турганын билдирди. Буга чейин The Wall Street Journal гезити аттарын айткысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берип, АКШ президенти Дональд Трамп Илон Масктан Украинада Starlink спутниктик байланыш түзүмүнүн аскердик түрүн колдонууга киргизилген чектөөсүн алып салууну өтүнгөнүн жазган. Владимир Зеленскийдин байланыш боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин чектөөлөр дагы деле күчүндө экенин билдирген. Зеленский 19-октябрда Starlink спутниктик байланыш терминалдары чектөөлөр менен иштеп жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1a/1104513581_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_49ce65752c534c791c0c4c018a3403c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио