https://sputnik.kg/20261027/1104537055.html
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
Sputnik Кыргызстан
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелерин жөнгө салат. Кызмат айлык акынын өз... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T11:33+0600
2026-10-27T11:33+0600
2026-10-27T11:46+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7ffd2446458482e582a7dc60299d12d0.jpg
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
Sputnik Кыргызстан
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелерин жөнгө салат. Кызмат айлык акынын өз убагында төлөнүшү, эмгек укуктарынын бузулушу, тартиптик чаралардын колдонулушу, маяна өндүрүү жана өндүрүштүк кырсыктар боюнча сотко чейинки процессти карайт. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктруусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысы Кубаныч Сыргабаев билдирди.
Анын айтымында, балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо максатында милиция кызматкерлери менен биргеликте рейддер байма-бай өткөрүлүп турат.
“Экинчи кварталда 60тан ашык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө жашы жете элек балдардын эмгек мыйзамдарын бузуу менен иштетилген 30дай учурлары аныкталган. Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан баштап балдарды белгилүү шарттарда жумушка алууга уруксат берилет. Бул үчүн ата-энесинин же камкорчусунун макулдугу талап кылынат. 14 жаштан 16 жашка чейинки балдар күнүнө алты сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жети сааттан ашык иштебеши керек. Ошондой эле жашы жете электерге тамеки, алкоголдук ичимдиктерди жана ден соолукка зыян келтирүүчү товарларды сатууга, оор жана кооптуу жумуштарды аткарууга тыюу салынат. Балдардын эмгеги көбүнчө базарларда, кафе-ресторандарда кездешет. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө эмгек келишиминин жоктугу, медициналык маалымкаттын алынбаганы жана жумуш графигинин талаптарынын бузулушу сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган. Алар боюнча иш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынган”, — деди Сыргабаев.
Ал мыйзам боюнча жашы жете элек балдарга тыюу салынган жумуштарга уруксат берген ата-энелер да, баланы жумушка алган иш берүүчүлөр да жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелерин жөнгө салат. Кызмат айлык акынын өз убагында төлөнүшү, эмгек укуктарынын бузулушу, тартиптик чаралардын колдонулушу, маяна өндүрүү жана өндүрүштүк кырсыктар боюнча сотко чейинки процессти карайт. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктруусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысы Кубаныч Сыргабаев билдирди.Анын айтымында, балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо максатында милиция кызматкерлери менен биргеликте рейддер байма-бай өткөрүлүп турат.“Экинчи кварталда 60тан ашык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө жашы жете элек балдардын эмгек мыйзамдарын бузуу менен иштетилген 30дай учурлары аныкталган. Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан баштап балдарды белгилүү шарттарда жумушка алууга уруксат берилет. Бул үчүн ата-энесинин же камкорчусунун макулдугу талап кылынат. 14 жаштан 16 жашка чейинки балдар күнүнө алты сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жети сааттан ашык иштебеши керек. Ошондой эле жашы жете электерге тамеки, алкоголдук ичимдиктерди жана ден соолукка зыян келтирүүчү товарларды сатууга, оор жана кооптуу жумуштарды аткарууга тыюу салынат. Балдардын эмгеги көбүнчө базарларда, кафе-ресторандарда кездешет. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө эмгек келишиминин жоктугу, медициналык маалымкаттын алынбаганы жана жумуш графигинин талаптарынын бузулушу сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган. Алар боюнча иш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынган”, — деди Сыргабаев.Ал мыйзам боюнча жашы жете элек балдарга тыюу салынган жумуштарга уруксат берген ата-энелер да, баланы жумушка алган иш берүүчүлөр да жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0c91f85162c98e81a4f0a9087a75f6b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
11:33 27.10.2026 (Жаңыртылды: 11:46 27.10.2026) Коноктор
Кубаныч Сыргабаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысы