https://sputnik.kg/20261027/1104543364.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти оттуЗеленский шаарларды коргоо үчүн айланта тосуу тууралуу жарлыкка кол койдуКыргызстанда алма импортуна... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T15:00+0600
2026-10-27T15:00+0600
2026-10-27T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104543198_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_71299232c05848f8ab95e6be1770e91c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти оттуЗеленский шаарларды коргоо үчүн айланта тосуу тууралуу жарлыкка кол койдуКыргызстанда алма импортуна 1-февралга чейин тыюу салынды
Кыргызстанда ата мекендик багбандарды колдоо жана быйылкы жылы жыйналган алманын түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот. Белгиленгендей, өлкөдө алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл 179 миң 393 тонна алма жыйналышы күтүлүүдө. 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польша, Кытай жана Өзбекстандан келген. Ал эми ушул мезгилде алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3%га азайган.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 60 аткаруучу Бишкекте өнөр көрсөттү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында X юбилейлик эл аралык "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун гала-концерти өттү. Баш калаага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан романстын эң мыкты аткаруучулары чогулушту. Алар Урмат Тентимишовдун жетекчилиги алдындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин коштоосунда өнөр көрсөтүштү. Быйыл ал орус жана кыргыз маданиятынын эки залкар өкүлү — Дмитрий Шостакович менен Абдылас Малдыбаевдин 120 жылдыгына арналдыГала-концерттин башында катышуучулар, калыстар тобунун мүчөлөрү жана көрүүчүлөр алты күн айырма менен дүйнөдөн кайткан СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева менен Роза Айтматованын жаркын элестерин эскеришти.
Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты ЕЭКтин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь–августунда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өстү. Арменияда өсүш 7,4%, Казакстанда 2,8%, Беларуста 0,2% болду. Россияда өндүрүш былтыркы деңгээлде калды. Жалпысынан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 0,3%га көбөйдү.
Кыргызстанда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун бардык тилкелеринде курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык,учурда 29 туннелдин 28инде казуу иштери жүрүп, бир туннель толугу менен казылып бүттү. Ошондой эле темир жолдун курулушунда каралган 50 көпүрөнүн 47синде да иштер жүргүзүлүүдө. Күн мурун президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушууда аталган темир жол аймакты ири логистикалык түйүнгө айлантарын белгилеген.
Украинанын шаарларын коргонуусун камсыздоо үчүн айланта тоскон инженердик бөгөттөрдү куруу жана аны арбытуу боюнча Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсесинин сайтында жарыяланган жарлыкта айтылганын РИА Новости жазды. "Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин "Шаарларды талаптагыдай коргоону камсыз кылуу максатында инженердик бөгөттөрдүн атайын тилкелерин арбытуу жана аларды ишке ашыруу механизми башталсын", — деп айтылат анда. Анткен менен эл жашаган кайсы жерлер, калаалар айланта тосула турганы боюнча конкреттүү айтылып, аты аталган жок. Мындан сырткары, мөөнөтү да белгисиз бойдон калды.
Бишкекте "Орто Азия романсиадасынын" гала-концерти оттуЗеленский шаарларды коргоо үчүн айланта тосуу тууралуу жарлыкка кол койдуКыргызстанда алма импортуна 1-февралга чейин тыюу салындыКыргызстанда ата мекендик багбандарды колдоо жана быйылкы жылы жыйналган алманын түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот. Белгиленгендей, өлкөдө алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл 179 миң 393 тонна алма жыйналышы күтүлүүдө. 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польша, Кытай жана Өзбекстандан келген. Ал эми ушул мезгилде алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3%га азайган.Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 60 аткаруучу Бишкекте өнөр көрсөттү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында X юбилейлик эл аралык "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун гала-концерти өттү. Баш калаага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан романстын эң мыкты аткаруучулары чогулушту. Алар Урмат Тентимишовдун жетекчилиги алдындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин коштоосунда өнөр көрсөтүштү. Быйыл ал орус жана кыргыз маданиятынын эки залкар өкүлү — Дмитрий Шостакович менен Абдылас Малдыбаевдин 120 жылдыгына арналдыГала-концерттин башында катышуучулар, калыстар тобунун мүчөлөрү жана көрүүчүлөр алты күн айырма менен дүйнөдөн кайткан СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева менен Роза Айтматованын жаркын элестерин эскеришти.Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты ЕЭКтин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь–августунда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өстү. Арменияда өсүш 7,4%, Казакстанда 2,8%, Беларуста 0,2% болду. Россияда өндүрүш былтыркы деңгээлде калды. Жалпысынан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 0,3%га көбөйдү.Кыргызстанда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун бардык тилкелеринде курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык,учурда 29 туннелдин 28инде казуу иштери жүрүп, бир туннель толугу менен казылып бүттү. Ошондой эле темир жолдун курулушунда каралган 50 көпүрөнүн 47синде да иштер жүргүзүлүүдө. Күн мурун президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушууда аталган темир жол аймакты ири логистикалык түйүнгө айлантарын белгилеген.Украинанын шаарларын коргонуусун камсыздоо үчүн айланта тоскон инженердик бөгөттөрдү куруу жана аны арбытуу боюнча Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсесинин сайтында жарыяланган жарлыкта айтылганын РИА Новости жазды. "Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин "Шаарларды талаптагыдай коргоону камсыз кылуу максатында инженердик бөгөттөрдүн атайын тилкелерин арбытуу жана аларды ишке ашыруу механизми башталсын", — деп айтылат анда. Анткен менен эл жашаган кайсы жерлер, калаалар айланта тосула турганы боюнча конкреттүү айтылып, аты аталган жок. Мындан сырткары, мөөнөтү да белгисиз бойдон калды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104543198_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_211f0f3d634601ad16f019f1a80011d4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио