https://sputnik.kg/20261027/1104536606.html
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүү эрежелери өзгөрөт. Кандай жаңылыктар күтүлүүдө?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн товарларды алып келүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Салык органдары жүктөрдү текшерүү жана... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T11:04+0600
2026-10-27T11:04+0600
2026-10-27T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536436_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3578280e368ee1f95658b4ecb57bde59.jpg
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүү эрежелери өзгөрөт. Кандай жаңылыктар күтүлүүдө?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн товарларды алып келүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Салык органдары жүктөрдү текшерүү жана кармоо боюнча такталган ыйгарым укуктарга ээ болот. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктруусунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Гүлнара Нурбек кызы билдирди.
Анын айтымында, жеке керектөө үчүн айрым автомобиль жана мотоцикл тетиктерин айына эки даанага чейин коштоочу документтерсиз алып келүүгө уруксат берүү сунушталууда.
“Долбоорго ылайык, тобокелдик белгилери бар жүктөргө пломба коюлуп, мобилдик топторго товарларды жана транспорт каражаттарын кармоо, жүктөрдү текшерүү укугу берилет. Бир нече алуучуга арналган жыйынды жүктөр боюнча өзүнчө тартип киргизилет. Документтери туура таризделген алуучулар өз товарларын текшерүүдөн кийин ала алышат. Ошондой эле жеке керектөө үчүн айрым автомобиль жана мотоцикл тетиктерин айына эки даанага чейин коштоочу документтерсиз алып келүүгө уруксат берүү сунушталууда. Өзгөртүүлөр импорттук товарларга кошумча нарк салыгын эсептөөгө да тиешелүү. Импорттоочу белгиленген салыктык базага макул болбосо 30 жумушчу күндүн ичинде товарды сатып алгандагы баасын ырастаган документтерди тапшыра алат. Ашыкча төлөнгөн салыкты кайтаруу же эсепке алуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Долбоор импорттук товарларды эсепке алууну жакшыртууга, салыктык көзөмөлдү күчөтүүгө жана ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган”, — деди Нурбек кызы.
Ал өзгөртүүлөрдүн максаты — ишкерлердин чыгымдарын азайтуу, товарларды ташып келүүнү жеңилдетүү жана салыктык көзөмөлдү күчөтүү экенин кошумчалады.
Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн товарларды алып келүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Салык органдары жүктөрдү текшерүү жана кармоо боюнча такталган ыйгарым укуктарга ээ болот. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктруусунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Гүлнара Нурбек кызы билдирди.Анын айтымында, жеке керектөө үчүн айрым автомобиль жана мотоцикл тетиктерин айына эки даанага чейин коштоочу документтерсиз алып келүүгө уруксат берүү сунушталууда.“Долбоорго ылайык, тобокелдик белгилери бар жүктөргө пломба коюлуп, мобилдик топторго товарларды жана транспорт каражаттарын кармоо, жүктөрдү текшерүү укугу берилет. Бир нече алуучуга арналган жыйынды жүктөр боюнча өзүнчө тартип киргизилет. Документтери туура таризделген алуучулар өз товарларын текшерүүдөн кийин ала алышат. Ошондой эле жеке керектөө үчүн айрым автомобиль жана мотоцикл тетиктерин айына эки даанага чейин коштоочу документтерсиз алып келүүгө уруксат берүү сунушталууда. Өзгөртүүлөр импорттук товарларга кошумча нарк салыгын эсептөөгө да тиешелүү. Импорттоочу белгиленген салыктык базага макул болбосо 30 жумушчу күндүн ичинде товарды сатып алгандагы баасын ырастаган документтерди тапшыра алат. Ашыкча төлөнгөн салыкты кайтаруу же эсепке алуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Долбоор импорттук товарларды эсепке алууну жакшыртууга, салыктык көзөмөлдү күчөтүүгө жана ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган”, — деди Нурбек кызы.Ал өзгөртүүлөрдүн максаты — ишкерлердин чыгымдарын азайтуу, товарларды ташып келүүнү жеңилдетүү жана салыктык көзөмөлдү күчөтүү экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104536436_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8bc3451b51c1bb78dcb577890e4c4453.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүү эрежелери өзгөрөт. Кандай жаңылыктар күтүлүүдө?
11:04 27.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 27.10.2026) Коноктор
Гүлнара Нурбек кызы, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери